Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру уланууда. Кыргыз футболчулары бүгүн, 18-сентябрда Непал курамасына каршы туруп, 4:2 эсебинде утулуп калышты. Беттештин 1-таймында 2 команда тең арты-артынан чабуул уюштуруп, дарбазага соккуларды узатып жатты. Бул тайм кыргыз футболчулары үчүн ийгиликтүү болуп, биздикилер 2 гол киргизгенге жетишти. Алгач 27-мүнөттө
Гүлжигит Бөрүбаев айып соккусун голго айландырды. 5 мүнөттөн кийин
Эмир Шигайбаев пенальтини таамай багыттап, оюн эсебин 2:0гө айландырды. Бирок 2-таймда атаандаштар майданда өз мүнөзүн көргөзүп, 4 гол киргизишти. Бул таймда Кыргыз Республикасынын курамасынын капитаны
Азамат Мелисбековдун кызыл айып кагазын алып, майдандан четтетилгени атаандаштардын ири эсепте утуусуна алып келди.
Футболчуларыбыздын алгачкы беттеште Оманга утулуп калышканын
(2:0 эсебинде) эске алсак, бул жеңилүү биздин кураманы Азия чемпиондугуна жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнөн толук ажыратты. Себеби 2016-жылы Индияда өтө турган Азия чемпиондугунун финалдык баскычына тайпада 1-орунду алган команда жолдомо алат. Кыргыз Республикасынын курамасы жайгашкан "В" тайпасында учурда 3 команда үчтөн упайга ээ. Биздин курам гана 2 оюнда упай топтой алган жок.
Мелдеш жадыбалы:
ОРУН | КОМАНДА | ОЮН | УПАЙ |
1 | Непал | 2 | 6 |
2 | Оман | 2 | 3 |
3 | Иордания | 2 | 3 |
4 | Кыргыз Республикасы | 2 | 0 |