Ошто жүздөн ашык эшек жашыруун багылып жатканын кабарлаган окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" жеңүүчүсү болду

Жакында Ош шаарындагы окурмандардын бири эшектер багылган жашыруун жай табылганын SUPER.KG`ге кабарлап, эшек эти шаардагы тамактануучу жайларда колдонулушу мүмкүндүгү тууралуу тынчсыздануусун билдирген. Союлган эшектер, алардын этинин колдонулуп жатышы табылбаганы менен, окурман "Мынча көп эшек кандай максатта багылууда?" деген суроону койгон. Маалымат биринчилерден болуп SUPER.KG порталына жарыяланары менен коомчулукта чоң талкууну жаратты. Массалык маалымат булактары фактыны тезинен иликтөө керектигин айтып жапырт коңгуроо кагып чыгышты. 
Ош шаарынын тургуну Нурсултан Токтосунов мындай шектүү көрүнүштү байкап, биринчилерден болуп кабарлоонун артынан SUPER.KG порталынан заманбап смартфон утуп алды. Кыргыздар байыртан эшек этин тамак-ашка колдонушкан эмес, этикалык жактан караганда эшек союуну туура эмес деп эсептешкен. Ушуну белгилеп, укук коргоо органдарына коңгуроо каккан Нурсултанды SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши сентябрь айынын жеңүүчүсү деп тапты. 
Маалымат тарагандан кийин Ош шаардык милициясы аталган жайды текшерип, 100дөн ашык эшек табылганын жарыялады. Эшектердин кожоюну кытай жараны аларды Кытайга экспорттоо үчүн бир апта мурун жергиликтүү жашоочулардан орточо 2000 сомдон сатып алганын айткан. Эшек экспорттоого тийиштүү документтери бар экенин, бирок документтери шеригинде экенин айтып милицияга көрсөтө алган эмес. Териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылууда.
Окурмандын кабары тамак-аш коопсуздугу боюнча укук коргоо органдарына кагылган коңгуроо болду. 
Жеңүүчү борбордон алыста болгондуктан, телефон аркылуу баарлаштык.
- Нурсултан, куттуктайбыз! Сиз сентябрь айынын жеңүүчүсү болуп, заманбап смартфон утуп алдыңыз. 
- Рахмат, кубанычтамын!
- Эшектер багылган жерди кантип көрүп калдыңыз?
- Өзүм шаардын ХБК кичи районунда турам. Көчөдөн өтүп баратып эшектердин айкырганын угуп жүрчүмүн, бирок эмне болгон эшектер экенин билчү эмесмин. Бишкектеги эшек окуясы катуу таасир эткендиктен, акыры кирип көрүүнү туура көрдүм. Тосулуу аймак болгондуктан, короодон ашып кирип эшектер кармалган жайды сүрөткө тартууга жетиштим. 
- Максатыңыз?
- Өзүм болочок юрист болгондуктан, эшектер мыйзамсыз багылып, элдин тамак-ашына пайдаланылып жаткан болсо, коомчулукка алып чыгайын дедим. Союлган эшектер жок болсо да, менде шектенүү жаралды. Бир четинен мага тажрыйба болду. Анын үстүнө мусулманчылыкта эшектин этин жегенге тыюу салынат эмеспи. Жок дегенде Ош шаарындагы кафелерди арам тамактын каптап кетишинин алдын алайын деген ой болду. Менин аракетим укук коргоо органдарына да жардам болсун дедим.
- Окуяны милиция териштирүүдө, эмнени күтөсүз?
- Укук коргоо органдары адилет баа бериши керек деп эсептейм. Кытайга экспорттойбуз дегенине ишенбейм, бул жөн гана шылтоо. Муну айрымдар кадимкидей бизнес кылып алышты. Кафелер менен сүйлөшүп алышып акча табышууда деп ойлойм. 
- Рахмат, ишиңизде ийгиликтер болсун!
- Сиздерге да рахмат!
Белек ээси алыста болгондуктан, заманбап смартфонду анын Бишкектеги агасы Уланбек Акпышаров кеңсебизге келип алып кетти. 
Эсиңизде болсо, быйылкы жазда SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманды редакция ай сайын аныктап, жеңүүчүгө заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Мезгилдин өтүшү менен окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: таза суунун жоктугунан айрым айылдын тургундарынын арыктан суу ичип жатышы, катуу ылдамдыкта унаа айдагандардын айынан кырсыктардын болушу, мыйзамсыздык, мамлекеттик ишкананын чатырында айрылган мамлекеттик желектин турушу, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүү үстүндө.
Эскерте кетсек, апрель айында Сузак районунан Чынберди Жанышов аттуу 10-класстын окуучусу жеңүүчү болсо, май айында Оштогу үй кожойкеси Сабира Казамбекова жеңүүчү деп табылган. Июнь айында Орусияда иштеген Алина Мустапакул кызы, июлда Байысбек Жеңишбек уулу, августта Толгонай Таалайбек кызы жеңүүчү болгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
bema_bema
2015-10-03 01:40:22
Кабар жоноткон адамдын суротун чыгарбай эле койсонуздар супер инфо.Кийин зыяны тийип калбайбы.
+10
aikol87
2015-10-03 09:47:46
Азаматсыз куттуктайм.
+4
maks94.kb
2015-10-03 10:35:41
чынында суротун чыгарбай эле койсонор азыр акча эмнелерди гана балким алар эшекти бизнес кылып алып бизнесине бут тосту кылып бул жигитин омуруно коркунуч жаралышы мункун лично ушул баланын суротун жарыябай эле койсонор жакшы болмок
+1
dina
2015-10-03 12:38:08
maks94.kb, коз айнекчен экен, таппай калышат)))
+3
Deniza88
2015-10-03 14:42:45
dina,ха хааа жаман переживать эттик го балага ))))))
+3
Dadasdasd
2015-10-03 14:20:13
Татыктууууу
+5
Aikoo2014
2015-10-03 18:51:02
Куттуктайбыз!
+5
Izdeim_seni.
2015-10-03 19:32:53
Суротун чыгарбай,телеф.номерин жазбаш керек.
+5
Boldukan86
2015-10-03 23:07:52
телефонун тартып алат деп жатасынарбы же. очкини билип таккан экенсин..
+3
dasta
2015-10-04 15:54:06
куттууктайбыз жакшылык кундорго иштет. телефонунду
+2
aruuzat88
2015-10-05 11:14:04
Куттуктайбыз,сизден мыкты юрист чыккыдай.
+2
kanat--92
2015-10-05 12:55:37
Куттуктайбыз,жакшы жанылык алып келдин.
+2
Aiko_92_29_08
2015-10-05 22:38:01
Молодец
+2
manas93kg
2015-10-06 11:17:58
Красавчик,маладцы жок дегенде Ош шаарыбыз таза эт мн камсыздансынчы?
+3
Rasul_Rahmanaliev
2015-10-08 14:26:46
кут болсун,максат телефон эмес юрист катары куйуп жанганы жакшы экен!!!молодец укам))))
+4
Araika
2015-10-08 15:48:11
Сен мыктысын,жана сенден мыкты юрист чыгат. Иен сага ишенем. Кесиптешин...
+2
Paiaz
2015-10-10 12:33:01
кантип жонотом айтып койгулачы суранам
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан