№50-абактан качкан кылмышкерлердин бири Азамат Мусуралиев Сокулукта өлтүрүлдү

№50-абактан качкан кылмышкерлердин бири Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тарапта өлтүрүлдү. Бул тууралуу 20-октябрда укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз билдиришти.

Өлтүрүлгөн Мусуралиев Азамат Мамасеитович 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес, үйлөнгөн. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Абактан качкан кылмышкерлерди издөө иштери өткөн аптада Дордой, Эне-Сай конуштарында жүргүзүлгөн. Алардын бири Данияр Кадыралиев 16-октябрда түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн.
Изделип жаткан 2 кылмышкер:

Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен.
Качкын кылмышкерлердин бири Сокулукта өлтүрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (44)
admin_portal
2015-10-20 12:32:03
Adambol - 3 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.
0
Lunatena
2015-10-20 12:36:54
Alatoo12,AiBoru,Medina9384 аларды олтурбой эмне кыласынар? Баары Пожизненно заключенные күоосу олум жазасына татыктуу аларды турмодо бакканда эмне? СИЗО дон качканга чейин, качып баратып да 3 баланы олтуруп качышты.
Анан Билип билбей эле кайдагы чиновниктерди аралаштыра бербегилечи.
+4
AiBoru
2015-10-20 12:47:57
Lunatena, баардык кылмыштарын пландарын айттырып, анан олтуруу керек. Мумкун булардын артында бут элге зыянын тийгизе турган былыктары бар чыгаар. Баарын айттырып анан кыйнап олтуруу керек да оной эле бир атып олтургон турган
+2
Alatoo12
2015-10-20 14:19:57
Lunatena, олтурушсун туура бирок кантип качканы ачыкка чыгыш керек да каыры.бироо айтып жатат свет ошол уббакытта очту деп бироо айтып жатат свет 1 саат алдын очкон деп.бироосу айтат камераны сразу сындырышкан деп дагы бир кызматкери айтат камера 2 жумадан бери иштебейт деп.кимисине ишенесин.
+1
ufc123456
2015-10-20 12:36:56
Ozunarga kelgenin ottoi beresinerbi oilonup korsonor adamga oto korkunuchtu kylmyw ker bolup atsa tembole adamdardy olturup kachyp ketse any kantip tiruu karmasyn alar tiruu karmatmak bele any tiruu karmaibyz dep dagy kyzmat kerler olsunbu biras kyzmat kerlerge da boorunardy oorutup koisonor
+2
Lunatena
2015-10-20 12:41:11
ufc123456, туура айтасын, оозуна келгенин жаза беришет экен. Канча Кызмат керлер олду аларды 2-3 балдары бар. Тируу кармашып Мамлекеттин акчасына СИЗО до жеп жаткандан коро олгону жакшы.
0
hochuradosti
2015-10-20 12:50:32
ufc123456,
Миндеген милиция кызматкерлери иштеп жатат.... кантип тируу кармай албайт.
0
karona
2015-10-20 12:46:23
Буларды силер айткандай чиновниктер акча алып чыгарып жиберген болсо бейкуноо 3 кызматкер олмок беле?! Жок жерден бироолордун куноосун ала бербегилечи, достор. Оздору качып чыгышкан.
+1
Ago
2015-10-20 12:46:50
Ишенбей турам олгонуно
0
hochuradosti
2015-10-20 12:48:10
Чын эле олтурулдубу же олду деп эле акырындык менен заграницага чыгарып жиберуу оюндабы??? Тируу кармаш керек болчу!!!
0
sale-81
2015-10-20 12:57:05
Бироонун олумуно жее кыйноосуна кубанган адамдарга тан калам. Жон гана кудай жазоосун берсин деп койсо ошол эле аларга жеткиликтуу.
+2
shailoo2015
2015-10-20 13:10:03
Билип билбей кылган иштерибизди Аллах өзу кечирсин
+5
Sake80
2015-10-20 13:18:08
Туруу кармагыдай ал ме силерге колго тушуп берем демек беле.Ал деген кармалгандан коро олгону женилирек.Олгучо кармашат да тируу колго тушсо кандай кыйнашат билет да
+1
Alatoo12
2015-10-20 14:22:01
Sake80, 300 милиция кызматкери 1 адамды тируу кармай албайбы эмне? Созсуз башыга же журогуно атыш керекпи.бутуна атсын колуна атсын
0
Sake80
2015-10-20 18:07:53
Alatoo12, Барып сен карма.Коройун кармамак турсун артыны карабай качаттырсын.Акылды элдин бардыгы уйрото берет
-1
Alatoo12
2015-10-20 21:42:31
Sake80, Ал эмне сага ужас беле качкыдай? Сиз деле кызык экенсиз. Сиздин уйунузго ууру кирсе сиз арканызга карабай качасызбы эмне? Же жетип барып олтуруп койосунбу? Тируу кармаганга аракет кыласын да туурабы? Ал деле бизге сизге окшогон адам да.суротун карачы канча ок тийгенин.1 дагы эмес 2 дагы эмес 3 дагы эмес 9 ок тийген..
0
raxatka
2015-10-20 13:19:01
лучше педофилдерди ушинтип атып олтурсо го!!! надоели пффффф жалганчылар
+1
fakultet89
2015-10-20 14:29:15
Кантип качышканын айтып бере турган ЖИВОЙ кармалган БЕШӨӨ бар. Ошол деле жетет! Качып, кызматкерлерди мыкаачылык менен өлтүргөндөрдү ушундай эле жаза күтмөк!
+1
basyz-kaman.
2015-10-20 14:41:09
Тируу кармабай туура эле кылышат. Кийинки качам дегендерге сабак болсун. Абактын кызматкерлерин олтурбой жон эле качышканында, куч тузумдору дагы тируу кармаганга аракет кылышмак.
+1
Real_Madrid95
2015-10-20 17:21:47
Качып кеткендердин бешоону кармашпады беле , ошолор айтатта кантип качканын.
+1
sayakkk
2015-10-20 21:55:27
Булар карапайым элге эч кандай зыяны жок жон эле корко бербесенер будун-чан тушуп. Милисалар корксо болот.
0
Ai-peri
2015-10-20 23:30:34
Ошончо менттер бирооно алы жетпей 2 магазин патрон менен атып олтурушобу.Анын колунда болгону 1 кухонный бычак. Тируу кармаса чондордун бети ачылып калат деп коркуп атышабы? Бизде азыр пока смертная казнь боло электе эле ушинтип итти олтургонсуп атып атышат. Жаткан жери жайлуу болсун! Качып кеткен кылмышкер болсо дагы анын укугу бар. Тируу эле кармаса эмне болмок. Бугун дагы кача албай калган дагы бироону инфарк болду деп атышат. Кандайча эле биринин артынан бири олуп атат? здесь что то не так.
+1
Maks_sharshenaliev15
2015-10-21 00:38:50
кылмышкерлер комулгондо барып топо салып,куран окуп келгиле.. олгонуно кеигендер..аларды жиликтеп олтурсо ал да аздык кылат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан