№38-мектептин окуучуларынын сабалганына байланыштуу спорт мектебинин директору убактылуу кызматынан четтетилди

Бүгүн, 20-октябрда Бишкектеги №38-мектептин окуучулары спорт мектебинин тарбиялануучулары тарабынан сабалды. Спорт мектебинин тарбиялануучулары эмне себептен чогулуп келип, мектепке кол салганы азырынча белгисиз. Окуянын себептери белгилүү болгонго чейин Ш.Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын директору Маратбек Кыбраев кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, буйрукка агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров кол койду. Директордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп эркин күрөш боюнча машыктыруучу, окутуучу Нурдин Жусупов дайындалды. 

Ошондой эле аталган окуу жайдын ишмердүүлүгүн 9-ноябрга чейин токтото туруу боюнча буйрукка кол коюлду. 

Кошумчалай кетсек, бул окуя боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Комиссиянын башында КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан