№50-абактан качып баратканда кармалгандардын дагы бири түрмөдө каза болду

№50-абактан качып баратканда кармалгандардын дагы бири Бакыт Кенжегулов бүгүн, 21-октябрда эртең мененки саат 05:00 чамасында түрмөдө каза болду. Ал СИЗО-1деги камерада жалгыз отурган. Жүрөгү ооруп, дем алуусу кыйындаганда аны оор абалда тергөө абагынан №47-түзөтүү колониясынын алдындагы борбордук ооруканага түндө алып келишкен. Азыркы тапта тергөө абагында иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Б.Кенжегулов 1978-жылы Чүй облусунун Москва районунда туулган. 2013-жылы 16-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан "адам өлтүрүүгө аракет кылуу", "террорчулук", "уюшкан кылмыштуу топту уюштуруу", "баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо", "атуучу куралдарды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо" беренелери менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Абактан качып баратканда кармалган Таалайбек Жуманов жүрөк оорусунан улам кечээ каза болгон эле.

Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (65)
aikol87
2015-10-21 12:11:49
Чекеден кырат экенда Эми журналистер каякта журот КТРКнын изилдешпейби.
+1
kaiymov
2015-10-21 12:13:58
Албетте, качып баратып кармалгандар кокусунан эле кезек-кезеги менен журок оорудан каза табышат. А качып кеткендер болсо кармоо учурунда куч органыдарынын автоматчан кызматкерлерине бычак менен каршылык корсотушуп - атылып каза табышат. Аллах ар бир пендесине ынсап берсин, олгондордун сурагын женил кылсын.
0
jeka85
2015-10-21 12:33:31
буларды олтургондон коро ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-10-21 14:56:52
jeka85 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
jeka85
2015-10-21 12:37:39
абдулла юсуповту.
0
kubanych92
2015-10-21 12:44:20
Ошол кармалгандар бешоотен журогу ооруп олот эми очередьтеен
+5
Sandrana
2015-10-21 13:53:36
kubanych92,Баары эле журоктон оло берсе анда кудайым баарына журок оорусу мн олгонго насип эткенби ээ?)))) ишениш бир аз кыйын болуп жатат
0
suhrab.kg
2015-10-21 13:12:56
Кечедагы биро журоктон каза болду деген эле бугундагы журок башка диагноз жокбу?
0
Alatoo12
2015-10-21 13:24:47
Кечээ эле тируу кармап эмне кылышат кызматкерлердин тиешеси жок деп аткандар кана??? Бул жерде бир оюн болуп жатат.эмнеге Атамбаев соз катпайт? Эмнеге Мелис Турганбаев пысып отурат? Эмнеге Сариевден да соз чыкпайт. Териштирбейби? Эмне учун олуп жатат алар. Ким жардам берди качышына ? Турмодо тутулгандардын баары журок оорусунан олуп калса тан калбайм мен. Жаш бала деле ойлонот кантип олуп калат деп..
0
Azikko
2015-10-21 13:33:49
Мен дагы башында батыраак кармалышсын деп аттым эле азыр ал оюмдан кайттым бул жерде что то нито
0
Danel
2015-10-21 13:36:25
Далина волков западня, бизде ушундай кино болтат))
0
Minka
2015-10-21 14:13:39
Булардын аялдары балдары барбы
алар кантип жатышат болду экен
0
Book
2015-10-21 14:38:46
Адам катары боорум оруду байкуштарга,кылгын кылмыштарын эстесем....(((.аркы дүйнөдө тынч жаткыла...
0
nur_92
2015-10-21 14:56:26
Журогу кармабай эле Уруп эле олтуруп койушту
+1
aitghul
2015-10-21 15:21:15
Бул жерде аябай чон сыр бар болущ керек. Эмнеге алардын баарын олтуруп жатат. кармап сурак кылса болмок да. Аларды бироолор подставить эткен го дейм. бул жер соо эмес

0
masha89
2015-10-21 16:04:15
билип билбей кетирген куноосун Аллах озу кечирсин,булар коркунучтуу деле кылмышкерлер эмес окшойт, берки экоо качып эле кетишсе экен, себеби колго тушсо сразу олтурушот экенда, чын эле жайшул магдиде болсо партиялаштары сырттан тозуп алышмак да
0
Erka_kg
2015-10-21 17:06:40
Чын чынына келгенде жогору жактагылар элди Садиктеги баладай эле коруп калды.Эмне элдер жаш балабы? 3 кылмышкер биринин артынан бири журогу кармап олду дегенге ишенгидей? Деги амаман эле болушсунчу атка минерлерибиз.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан