31-октябрда 217 жүргүнчүсү менен Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарынан Санкт-Петербургга сапар тарткан Орусия учагы Египеттеги Синай жарым аралына кулаган. Орусия менен Египтеттин куткаруучулары 31-октябрь күнү 150 адамдын сөөгүн таап чыгып, Каирге жеткиришти. Бүгүн да издөө улантылып баштаганын Орусиянын маалымат каражаттары жазууда. Ал эми Орусия учак кырсыгына байланыштуу бүгүн аза күтүүдө.
Орусиянын жарандык учагы Шарм-эш-Шейх - Санкт-Петербург каттамы аркылуу абага жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:51де көтөрүлгөндөн кийин кайра 07:14тө байланыш үзүлүп, жерге кулаган. Анын ичинде 217 жүргүнчүдөн сырткары 7 экипаж мүчөсү бар болгон.