Апасы кичинекей балдарын бейтааныш адамга таштап Орусияга кеткенин айтып чыккан окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" жетинчи смартфонун утту

Октябрь айында Ош шаарындагы окурмандардын бири жергиликтүү тургун кичинекей эки баласын бейтааныш адамга таштап Орусияга кеткенин SUPER.KG`ге кабарлап, балдардын апасы изделип жатканын билдирген. Окурман балдардын апасынын аты Алтынай экенин, бирөөгө таштап кеткен уулу Рамазан 4 жашта болсо, кызы Каныкей 3 гана жашта экенин айтып, балдардын апасын табуу зарылдыгын жарыялаган эле. Маалымат биринчилерден болуп SUPER.KG порталына жарыяланып, эненин жоругу, балким, аргасыздыгы коомчулукта кызуу талкууну жаратты. Социалдык түйүндөрдө энени жектегендер, аны коргоого алгандар арбын болду.
Көптөгөн пикирлердин айрымдары:
"Кудайым, ай, чырактай эле келин экенсиң, кантип тырмактай балдарыңды бейтаанышка таштап Орусияга кеттиң?! Жок дегенде өзүңдүн же күйөөңдүн туугандарына калтырбайт белең? Билем, жыргаганыңдан кеткен жоксуң, бирок жаш балдарыңды бирөөнүн көзүн каратпай кайрылып кел"...
"Энелик укугунан ажыратуу зарыл, анткени жоопкерчилик деген жок экен"...
"Апасын түшүнсө болот. Балдарымды багам деп Орусияга кетти да. Күйөөсү акмак экен, неге алимент төлөбөйт? Каякта качып жүрөт?!"
Ош шаарынын тургуну Куттубек Абдуллаев азыркы замандын олуттуу көйгөйлөрүнүн бирин көтөрүп чыгуу менен SUPER.KG порталынан заманбап смартфон утуп алды. Балким, энени да бир тараптуу жектей берүүгө болбос. Турмуштук зарылчылык, азыркы заманда балдарды багуу түйшүгү оңой эмес, айрыкча жалгыз бой энеге. Эне деле керт башынын кызыкчылыгы үчүн эмес, балдарынын келечеги үчүн акча табуу максатында алыска кеткен чыгар... Бирок кандай болгон күндө да балдар жылуу-жумшак, коопсуз жана ишенимдүү колдо болуусу зарыл. Аларды тууганчылыгы жок, бейтааныш бирөөгө таштап кетүү чынында эле опурталдуу көрүнүш. Ушуну белгилеп, коомчулукка жарыялаган Куттубекти SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши октябрь айынын жеңүүчүсү деп тапты.
Маалымат тарагандан көп өтпөй эне байланышка чыкты. Ал балдарын таштап кетүүгө аргасыз болгонун, бир айдын ичинде өлкөгө кайтып келерин маалымдады. Аты мурда маалымдалгандай Алтынай эмес, Роза экени белгилүү болду. Азырынча ал Кыргыз Республикасына кайтып келе элек. Жакынкы күндөрдө келери күтүлүп жатат. "Ошко барарым менен балдарымды алып кетем",- деп билдирүүдө.
Жеңүүчү борбордон алыста болгондуктан, телефон аркылуу баарлаштык.

- Саламатсызбы, Куттубек! Октябрь айынын жеңүүчүсү болуп, заманбап смартфондун ээси аталдыңыз...

- Рахмат, кубанычтуу кабар экен.

- Наристелердин тагдыры тууралуу кантип билип калдыңыз?

- Бул кабарды укканда коомубузда балдарга ушундай мамиле жасаган ата-энелердин пайда болгону өкүндүрдү. Балдарын жашоонун оордугунан улам бирөөгө таштап кеткендир, бирок тарыхты карасак, мындан да оор күндөрдө балдарын ташташкан эмес... Эки наристени көрүп бооруң ачыйт, жакшынакай, чырактай балдар экен. Айрымдар балага жетпей зар болуп жүрүшсө, башкалары бейкапар бирөөгө таштап алыска кеткени ойлондурат.

- Балдардын атасынан, туугандарынан кандай реакция болду?

- Атасы да учурда Орусияда экен, дареги табылбай жатат. Балдардын апасы күйөөсү менен байланышы жок экенин айтты, ажырашкан экен. Ал эми Розанын Ош шаарында жашаган туугандары табылды. Аларга балдар берилген жок, анткени соттун чечими менен гана берилет. Апасы келген соң тийиштүү чаралар көрүлүп, балдар өз энесине берилет. Ал эми наристелердин ден соолугу чың, аман-эсен. Апасын күтүп жатышат.

- Ушул окуянын негизинде ата-энелерге кандай сунуш айтар элеңиз?

- Бардык ата-энелер өз балдарына туура тарбия берип, дени сак, акыл-эстүү, ыймандуу кылып өстүрүшсө деген каалоом бар. Ар бир бала өз ата-энесинин колунда өссө деген тилектемин. Күнөөсү жок балдарын таштап кеткен ата-энелер болбосо экен.

Анан SUPER.KG порталына ыраазычылык айтам. Апасы балдары тууралуу кабарды сиздердин порталдан окуп, байланышка чыгыптыр. Смартфон утам деген максатым жок болчу, кичинекей балдардын ата-энеси табылсын деген ниет менен жарыялаганбыз. Жалпы жамаатка рахмат!

Белек ээси заманбап смартфонду кеңсебизге келип алып кетти.

Эсиңизде болсо, быйылкы жазда SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманды редакция ай сайын аныктап, жеңүүчүгө заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Мезгилдин өтүшү менен окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: таза суунун жоктугунан айрым айылдын тургундарынын арыктан суу ичип жатышы, катуу ылдамдыкта унаа айдагандардын айынан кырсыктардын болушу, мыйзамсыздык, мамлекеттик ишкананын чатырында айрылган мамлекеттик желектин турушу, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүү үстүндө.

Эскерте кетсек, апрель айында Сузак районунан Чынберди Жанышов аттуу 10-класстын окуучусу жеңүүчү болсо, май айында Оштогу үй кожойкеси Сабира Казамбекова жеңүүчү деп табылган. Июнь айында Орусияда иштеген Алина Мустапакул кызы, июлда Байысбек Жеңишбек уулу, августта Толгонай Таалайбек кызы, сентябрда Нурсултан Токтосунов жеңүүчү болгон.

кошулду
“Элдик кабардын” кезектеги жеңүүчүсү смартфонго ээ болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Nur4ik11
2015-11-03 01:48:05
Красавчик мага сат эми ошо смартсфонду
0
nurzat8787
2015-11-03 02:46:36
Куттутайбыз. Сизди Аллахым озу колдосун! Мындан арыда карапайым элдерге жардамыныз коп тийсин. Утуп алган смартфонунуз бир гана жакшы кабарларды жеткирип турсун.
+3
DAIN
2015-11-03 08:37:51
Bul jonundo kaidan bilgenin aityp koiso jakwy bolmok
+1
nurshoola
2015-11-03 09:28:50
ишенбейм кантип балдарын таныбаган адамга таштап кетет болгондода москвага кетиптир тел алуу учун ойлоп таап уюштурушкан
-7
Uli6886
2015-11-03 15:17:13
nurshoola,Тооба кылдым !!! Сага бул нерсе оной корунуп жатат окшойт тел утуп алыш учун уюштурган дейсинда.
+3
CHORO.66
2015-11-03 10:42:53
Белегин кут болсун!
0
aku
2015-11-03 10:55:29
Наристелердин тагдыры туралуу кантип билип калдыныз десе,башкача эле суроого жооп бербей койуптур го. Кайдан билип калды экен.
+2
tynara81
2015-11-03 11:07:12
aku, ошо да мага да ошол кызык болду эле. Кайдан укканын жазып койсо экен комментарийге болсо да, окуп аткандыр бул макаланы.
+2
Shaa-82
2015-11-03 11:23:06
оо Куттубек куттуктайм. Сыйлыгын кут болсун. Жууш керек экен эми (Тамаша)
+1
Dinakg
2015-11-03 15:39:13
Кара суу шаарынын соц.защитасынын начальниги бул жигит.Демек туздон туз малымат келип тушот.Ошол даяр маалыматты бул жакка жонотуп утту десек болот.
+4
orun
2015-11-23 19:40:13
Dinakg, аа мына жыландын башы кылтыйды..
0
Araika
2015-11-03 23:46:05
Менин суротум алындыбы??? ))))
0
Medina87
2015-11-05 13:25:09
Алтынай-Роза Кудай жолун ачып келип Рамазан менен Каныкейди энелик мээримине болосун! Ал эми Куттубек мырзага Смертфонунуз кут болсун! Озунуз СОЦ. ЗАЩИТАда иштейт экенсиз ,демек, мындан ары да элдин керегине жарап журо бериниз ИЙГИЛИК!!
+2
albina2010
2015-11-05 13:59:01
урматту админ анан ошол балдардын апасы келдиби рассиядан
+1
guzel_
2015-11-23 22:08:26
мен да смартфон уткум келип жатат бирок кимди андыйм эмне кылып ийет экен деп.мага жетпей эле менден биринчи жеткирип коюшуп жатпайбы
+1
aihan77
2015-11-24 02:13:41
Эми ушуну деле ото орчундуу проблема кыла берсе анда минтип ташталган балдар ар бир экинчи уйдо бар да! Баардыгы жыргаганынан таштап кетип атышабы! Ошо жокчулуктун, кыйынчылыктын айынан таштаганга барып атышат! Тем более соц защитада иштесе мындайды ар бир семьядан коруп деле атса керек! Уткан смартфонун сатып ошондой кыйналган балдарга уй булоолорго берсин! Ар ай сайын ушундай балдарды уй булоолорду жазып чыкса ар айдын женуучусу болот)))
0
nurzat8787
2015-11-24 05:57:52
aihan77, ар бир экинчи уйдо болгону менен ал адамдар оздорунун жакындарына таштап жатышат. Бул келин акылга сыйбаган иш кылып олтурат
-1
nurzat8787
2015-11-24 05:55:24
Эмне болгондода аке сизге Алла ыразы болсун.
0
admin_portal
2015-11-24 11:34:40
adimyrza, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан