№38-мектепке чуу салган спорт мектебинин окуучулары окуудан чыгарылышат, машыктыруучулар, класс жетекчилер иштен алынышат

20-октябрда Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын тарбиялануучулары №38-мектептин окуучуларын сабашкан. Бул окуя боюнча түзүлгөн комиссия текшерүү иштерин жүргүзүп, чечим кабыл алды. Жакын арада №38-мектептин балдарын сабаганга катышкан спорт мектебинин окуучулары аныкталып, окуудан чыгарылышат. Ошондой эле окуя болгон күнү жумушта болгон машыктыруучулар, класс жетекчилер жумуштан алынышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинова билдирди.

Анын айтымында, окуудан чыгарылган балдар кийин кайра бул окуу жайга кабыл алынбайт. "Окуу жайдын ишмердүүлүгү 2 аптага токтотулган. Бул эки аптаны биз биринчи жарым жылдыкка чейин толуктайбыз. Бардык пландар иштелип жатат. Жакын арада окуу жайдын директору кызматына сынак жарыяланат",- деди ал.

Кошумчалай кетсек, окуя 20-октябрда катталган. Анда спорт мектебинин тарбиялануучулары №38-мектепке чогулуп барып, терезелерди талкалашкан. Окуя учурунда жогорку класстын балдары токмоктолгону маалымдалган. Окуянын себептери белгилүү болгонго чейин Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын директору Маратбек Кыбраев кызматынан убактылуу четтетилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Medina87
2015-11-05 13:56:58
Окуудан четтетип жакшы кылыптыр бейбаштарды.
+2
EdikoKG
2015-11-05 14:02:12
Туура чечим. Баардык аймактарда ушундай болсо кана.
+2
Shekeev969798
2015-11-05 14:13:52
Андай болуп эле келген, жон жерден эле сабайбайт да алар окуудан чыгарсанар болбой калат, жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт !!!
-2
Pantherka
2015-11-05 15:55:22
Мугалимдер при чем тут?
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2015-11-05 16:10:05
Pantherka, мугалимдер при том. Сабак учурунда болуп жатат да бул окуя. Алар сабакта болууга тийиш эле. Ошон үчүн магалимдер күнөөлүү аларды көзөмөлгө албагандыктан. Туура кылышат чыгарып балдарды окуудан. Бирок аларды чыгарып салса мындан да бейбаш болуп кетпейби, аларды чыгарган менен маседле чечилбейт го...
0
s5kgbal
2015-11-05 19:04:13
38 дин окуучуларынын деле куноосу бар болсо керек
0
Kylychbek-kg
2015-11-06 00:37:31
Дайым болотко ал уруш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан