“Сүтак” тасмасы Германияда көрсөтүлүп, DVD-дисктерге чыгат

Режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” (“Небесное кочевье”) аттуу фильми кезектеги сыйлыкка ээ болду. Тактап айтканда, Германияда 3-8-ноябрь күндөрү өткөн фестивалга катышып, тасма аталган өлкөдө көрсөтүү жана DVD-дисктерге чыгаруу боюнча сыйлыкка татыды. 2016-жылдан баштап фильм Германияда көрсөтүлөт. Бул тууралуу фильмдин жаратуучуларынын бири Алтынай Койчуманова маалымдады.

"Сүтак" - кыргыздын тоолорунда конуш которуп жашаган көчмөн үй-бүлө тууралуу. Башкы каармандар: Табылды, анын байбичеси Карачач, келини Шайыр жана 7 жаштагы небереси Умсунай. Күйөөсү кайтыш болгондон кийин Шайыр кайын журту менен калууну чечет. Келиндин жашоосунда Эрмек аттуу метеоролог пайда болгонго чейин алардын күнүмдүк тиричилиги бир нукта өтүп жаткан. Жалпысынан тасма адамдардын ортосундагы таза мамилелер, аруу сезимдер, ыйык каада-салт тууралуу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
B.B.Sadykov
2015-11-10 11:35:45
Азаматсынар
0
nari94germanya
2015-11-10 12:14:46
Germanyanyn kaisy shaarynda koiyldyken? Menda germanyadamyn, bilgende barmakmyn)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан