Милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди өлтүргөндөр тууралуу маалыматка ИИМ 1 миллион сом берүүнү убадалады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, Бишкектин 8-кичи районундагы 38-үйдүн жанынан 2 адам аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди атып өлтүргөн. Андан соң кылмышкерлер велосипеддер менен 7-кичи район тарапка качышканы аныкталган. Азыркы тапта аларды издөө иштери уланууда.