Түркиянын орусиялык Су-24 учагын атып түшүрүшү Орусия менен Түркиянын мамилесин кескин өзгөрттү. Эрдоган жетектеген мамлекет Орусия тарапты, расмий Кремль түркиялык тарапты айыптап, бири-бирине доомат артышууда. Окуя дүйнө коомчулугунун назарында. Бул иште эки мамлекеттин тең колдоочулары жана айыптоочулары бар...
Орусиялык "Лента ру" басылмасы "кыйын кырдаалда Орусиянын достору үн катпай жатышат" деп Казакстанды, Арменияны, Кыргыз Республикасын, Беларусту жана Тажикстанды сындады. "Достук тунжуроосу: Эмне үчүн Орусиянын аскердик-саясий союздаштары НАТОчо болушкан жок?" аталышындагы макаланын башында булар белгиленет:
"Түркия Су-24 учагын аткандан кийин биринчи эле өзү мүчө саналган НАТО блогундагы өлкөлөрдүн элчилерине кайрылды. Уюмдун чукул жыйыны чакырылып, Анкара "түркиялык аба мейкиндигин бузду" деп Орусияны айыптаган союздаштарынан толук колдоо тапты. Ал эми Москванын Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмундагы өнөктөштөрү - Казакстан, Беларусь, Армения, Кыргызстан жана Тажикстан кырсыктан эки күн өткөнүнө карабай позицияларын аныкташа элек".
Макалада "учак окуясы" боюнча Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө сын айтылды.
"Тышкы иштер министрлиги окуя боюнча "сизге да эмес, бизге да эмес" деген духта бош, жансыз билдирүү жасады. Дипломатиялык мекеме окуяга баа берүүдөн карманды жана эки өлкөнү тең сабырдуу болууга чакыруу менен чектелди. Бийлик тунжурап турганда казакстандык ММКларда Орусиянын саясий күчүнүн туткунуна айланбоого, тышкы саясатта көп кырдуулукту сактоого чакырыктар жасалып жатат",- деп айтылат макалада.
Кыргыз мамлекетинин да Су-24 учагынын атылышына карата расмий пикир билдире электиги белгиленди.
"Расмий Бишкек үн катпоону улантып жатат, кыргыз ММКлары да казакстандык ММКлардын позициясында. Алмазбек Атамбаев да кыйын абалга туш болду. Бир жагынан ал орусиячыл саясатчы катары белгилүү - быйыл Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулду. Экинчиден, Алмазбек Атамбаев Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен жакшы мамиледе, ал тургай анын президенттик шайлоодогу жеңишине арналган митингге катышып, сөз сүйлөгөн",- деп жазды басылма.
Армениянын Тышкы иштер министрлиги да окуяга ак же көк деп баа бере элек.
Макалада баарынан ыкчам реакцияны Беларусь президенти Александр Лукашенко жасаганы, ал кырсык болгон күнү эле (24-ноябрда) 26-ноябрда Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Москвага пландалган иш сапарын токтоткону, мунун себеби эки лидердин иш графиктеринин тыгыздыгына байланыштырылганы жазылды.
Теманы улай ЖККУнун милдеттери тууралуу булар айтылды:
"ЖККУнун уставына ылайык, уюмдун мүчөлөрү эл аралык терроризм, мыйзамсыз курал, баңгизат жүгүртүү, легалсыз миграция менен күрөшүүдө күчүн бириктирет жана координациялайт. Уюмга кирген мамлекеттердин коопсуздугуна, туруктуулугуна, аймактык бүтүндүгүнө жана суверендүүлүгүнө коркунуч жараткан кризистик кырдаалдарды жөнгө салчу систем түзүү чараларын көрөт.
Террористтерге каршы иштеген орусиялык учактын жок кылынышы Түркия тараптан Орусияга багытталган агрессия. Ошондуктан ЖККУдагы Орусиянын өнөктөштөрүнөн адекваттуу реакция күтүлөт, бирок мындай реакция азырынча жок.
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн чечкинсиздиги негизинен түшүнүктүү. Түркия ири аймактык держава эле эмес, алардын көпчүлүгү менен экономикалык тыгыз байланышта. Бирок бир күнү ЖККУга мүчө өлкөлөр ким дос, ким кас экенин, ким аларды коргоого даяр экенин жана алардан жооптук колдоо күтөрүн, ал эми ким убактылуу бизнес-өнөктөш экенин так аныктоого туура келет".