Бишкектин чок ортосунда айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 1-6 июнь күндөрү "Улуттук баалуулуктар айыл чарбадан башталат" аттуу көргөзмө –жарманкеси өтөт. Бул тууралуу 28-майда Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада улуттук тамак-аш, суусундуктар, этно кийимдер, музыкалык аспаптар, тери, жыгач жасалгалары коюлат.

Иш-чарада мастер класстар, улуттук баалуулуктар, айыл чарба тармагында жүрүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар айтылып, консультациялар берилет.

Кичинекей балдар үчүн анимациялар, оюн-зооктор көрсөтүлүп, балмуздактар берилери кошумчаланды.

Дареги: Киев көчөсү 96 А, Агропром имаратынын алдында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан