Эрдоган президент Путинге жолугушууну сунуштады

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путинге 30-ноябрда Парижде өтүүчү климаттык көйгөйлөр боюнча эл аралык конференциянын алкагында жолугушууну сунуштады.

"Мен Орусиянын мамлекет башчысы менен жолугушууну сунуштадым, бирок азырынча жооп ала элекмин",- деди Эрдоган.

Орусиялык маалымат булактарынын билдиришинче, Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков конференциянын алкагында Түркия-Орусия президенттеринин жолугушуусу пландалбаганын өткөн аптада билдиргенин жарыялашты. Песков: "Мен өлкө лидерлеринин пландалган телефондук сүйлөшүүлөрү тууралуу да маалымат тарата албайм",- деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан