Эрдоган "Путин мунай боюнча айткандарын далилдеши керек" деди

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган француз телеканалдарынын бирине берген маегинде Орусия президенти Владимир Путиндин "Сириядан Түркияга арзан мунай ташылып жатат" деген айыптоосуна жооп берди. "Бул президент айта турган нерсе эмес болчу. Орусиянын башында турган кишилер мындай сөздү айтпашы керек эле. Биздин эч бир террордук уюм менен байланышыбыз жок",- деген Эрдоган мындай айыптоо таккандар далилдеп бериши керектигин белгиледи.

"Эгерде Путин айткандарын далилдеп берсе, мен ошол күнү президенттикти тапшырууга даярмын",- деди Түркия лидери.

Эскерте кетсек, Владимир Путин буга чейин: "Сириядан бир гана мунай эмес, биздин жарандардын каны да ташылууда. Анткени мунайды сатуудан түшкөн акчага террористтер курал-жарак сатып алышып, биздин жана башка мамлекеттердин жарандарын өлтүрүп жатышат",- деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан