“Ош шаарында Рыспай Абдыкадыров атындагы көчөнү сапатсыз оңдошту”,- деп бүгүн, 1-декабрда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу нааразычылыгын билдирди.
Анын айтымында, белгилүү обончу жана аткаруучу Абдыкадыровдун атынан коюлган көчө бир топ акча каражатына оңдолду. “Көчөгө асфальт сапатсыз төшөлдү. Ар кайсы жери өйдө-ылдый, дөң. "Муну жол боюнча комиссия кантип өткөрүп жиберди же коррупция өз ишин жасадыбы?" деген суроо жаралат”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.