"Учак окуясынан" кийин Орусия Федерациясы Түркияга каршы айрым атайын экономикалык чараларды көрүү чечимин кабыл алды. Тиешелүү буйрукка Орусиянын президенти Владимир Путин кол койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, буйрукта түрк товарларын Орусияга киргизбөө жана чектөө коюу, түркиялык уюмдардын Орусиянын аймагындагы ишмердүүлүгүн чектөө, түрк жарандарын жумушка албоо жана визасыз режимди жокко чыгаруу каралган. Ошондо жер-жемиш, жашылча-жемиштерден тарта бир катар түрк товарлары Орусияга киргизилбейт. Бардык санкциялар 2016-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Ошондой эле 2 тараптуу учак каттамдарына жана туроператорлордун орус жарандарын Түркияга саякатка алып барып келүүсүнө чектөө киргизилди. “Министрлер кабинетине айрым келишимдерди карап чыгуу тапшырылса, Тышкы иштер министрлигине кабыл алынган чечимди Түркия бийлигине расмий түрдө кабарлоо тапшырылды”,- деп жазылат маалыматта.