Кыргыз жеринде 2016-жылы автоунаалардын мамлекеттик номурлары өзгөрөт. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев бүгүн, 4-декабрда маалымат жыйынында билдиргендей, жаңы үлгүдөгү номурлар жаңы коопсуздук шрифтине ээ болот.
"Автоунаалардын жаңы үлгүдөгү номурлары даярдалып бүттү, 2016-жылдын мартынан тарта бериле баштайт. Жаңы номурларда аймактар өз-өзүнчө белгиленет. Мындан тышкары KG сериясындагы өкмөттүк номурлар жоюлат. Эми 001, 002 деген өкмөттүк номурлар болбойт. Бардык транспорттордуку дээрлик бирдей болот. Мамлекеттик унаадагы номурлар менен жеке менчиктеги унаалардын номурлары бири-биринен кескин айырмаланбайт, анткени жолдо баарыбыз бирдейбиз",- деп билдирди Сарпашев.
Мекеме башчысы буга чейин номур даярдоо ишин жеке компаниялар жүргүзүп келсе, эми мамлекеттик "Инфоком" ишканасы аткара турганын кошумчалады.
Эски үлгүдөгү номурлар ээси унааны сатканга чейин колдонула берет.
Аймактарга карата автоунаа номуруна кошо жазылуучу коддор:
Бишкек шаары - 01 (жогорудагы эки номурда көрсөтүлгөндөй)
Ош шаары - 02
Баткен облусу - 03
Жалал-Абад облусу - 04
Нарын облусу - 05
Ош облусу - 06
Талас облусу - 07
Чүй облусу - 08
Ысык-Көл облусу - 09
Маалыматка таянсак, буга чейин автоунаалардын мамлекеттик номурларын даярдоо менен алектенген жеке ишкана 2007-жылдан бери 1 миллион 846 084 даана номур жасаган. Суммасы 546 миллион 084 655 сом.