Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчилиги акын Омор Султановдун чыгармачылык кечесин өткөрдү

Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчилиги 7-декабрда белгилүү кыргыз акыны Омор Султановдун чыгармачылык кечесин өткөрдү. Иш-чарага өлкөнүн Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов, "Түрксой" уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов, бир катар чыгармачыл инсандар, Анкара шаарындагы жогорку окуу жайларда окуган кыргыз студенттери, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана башкалар катышканын билдиришти элчиликтен.

Жунусов акын Омор Султановдун кыргыз поэзиясына кошкон салымын белгилеп: "Азыркы учурда Омор Султановдун ырлары негизинен улуу муунга тааныш. Терең маанини камтыган акындын ырлары жаш муундун жүрөгүнөн да орун табарына ишенем",- деп билдирди.

Элчи акындын ырларынан үзүндү окуп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан