Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысы жандырылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 19-декабрда саат 18:00дө Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысы жандырылды. Эми кооздолгон балаты Жаңы жылга чейин жана андан кийин да шаардын борбордук аянтына көрк берип турмакчы.

Иш-чара алкагында мэр Кубанычбек Кулматов сөз алып, шаардыктарды жана шаар конокторун келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. "Биз бүгүн балатыны жандырууга чогулдук. Жандыруу аземи биздин жакшы салтыбыз болуп келет. Ушул күн сиздерге бактылуулукту, жыл жаңырган соң жакшылыктар көп болот деген ишенимди тартууласын. Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!"- деди мэр.

Иш-чара чакан концерттик программа менен коштолууда.

Бишкекте өлкөнүн башкы балатысы жандырылды (19.12.2015)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
haker_9500
2015-12-19 21:11:07
ех бишкегим бишкегим сагындымго
+2
haker_9500
2015-12-19 21:12:02
кандай соооонун
+2
edu.kg.
2015-12-19 21:35:56
Сонун болуптур! Жаны келе жаткан жылынар менен мекендештер!
+4
suidum.96
2015-12-19 21:36:14
Жаны жыл мен үчүн жакшы тилек көңүл которуунун жакын адамдарга жакшы маанай тартуулоонун майрамыдай сезилет,тоскусу келбегендер тоспой деле койсо болот эч ким кыйнабайт го.быйылкы елка жакшы жасалыптыр чынында.
+5
mashirapova
2015-12-19 22:10:13
эээ кудай дайыма ушундай жакшылык кундор боло берсин
+1
Shat.88
2015-12-19 22:30:33
Ооо мына тема,эн сонун ар дайым жаны жылды жаркыраган маанайда тосолу,ал эми биздин майрам эмес дегендер силердин оюнарга муктаж эмеспиз,тосуп келгенбиз тосо беребиз,
+2
bond0202
2015-12-19 22:43:01
эртеге барып суротко тушот экенбиз да
+2
kasymov_10
2015-12-19 22:59:53
еех...кыргызстанда болгондо бармакпыз бизда(((
+2
sara90
2015-12-19 23:31:26
Ohooo Kirkorov akem dagy keliptir goo...jakwy januluk buiulku jul baarybyzga jany nerslerdi alup kelsin..baktylyy,tynchtykta kyrgyz eli jawawyna tilektewmin...Admin uwul konserttin tolugu bolso juktop koiosyzdarby...
+3
Moskva.kg
2015-12-19 23:53:17
Келе жаткан 2016-жаны жылыныздар м.н!Бул жылы бизге токчулук,молчулук сабырдуулук,бактылуулук ж.а ыймандуулукту алып келсин ошондой эле баш кошкон жубайларга наристе берсин ата-энелерибиз мандайыбызда бар болушсун,чет жакта жургон мекендештерибизге ден соолук берсин тилектеримдин баарын ала келсин ЖАНЫ ЖЫЛ!
+5
7.patriot
2015-12-19 23:58:44
Канчалаган акчалар ысрап кетип атат,.канчалаган адам ачка жатат!
-2
aijamal001
2015-12-20 03:17:13
Аябай Жакшы болуптур. Мурунку балатынын бою кичинекей жанан ото эле арык болчу. Жаш балдарды алаксыткандай болуп калган.
Ал эми бул Жакшы мэрибиз озуно окшогон блю узун анан семизирек болуптур.
0
www.muratbekov95.kg
2015-12-20 17:58:06
Киркоровда келгенби???
0
erkekyz1
2015-12-20 21:17:56
Жакшы болуптур былтыркыга караганда.Былтыркы балаты интернетте начар жасалгасы менен белгилуу болгонуна намыстанышты окшойт шаардын мэриясы. бул жылы жакшы кылышыптыр. Жаны жыл боюнча айта кетсем албетте мусулмандарга майрам эмес, бирок бул майрам бизде качантан бери майрамдалып келген. Жада калса майрам эмес деп ооз коптургондор да бир учурда майрамдап эле жургонсунор. Майрам эмес деп жатып алуу да туура эмес, жакшы тилектерди айтып Кудайдан сурап,жакындарына жакшы маанай тартуулоого не жетсин.
0
imanberdi98
2015-12-20 22:09:12
Сонун кооздолуптур 25 метр экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан