Борбордогу №3-шаардык балдар ооруканасына сабалып алынып келген 3 жаштагы жана 6 жаштагы бир туугандардын энеси өгөй кайненесинин үстүнөн арыз жазды. Окуя шаарда болбогондугуна байланыштуу бардык чогултулган материалдар бүгүн Жумгал РИИБине өткөрүлүп берилмекчи. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, балдар акыркы бир нече айдан бери Жумгалда чоң атасы менен өгөй чоң энесинин колунда жашап келишкен. Ал эми кечээ Аламүдүн районуна караштуу Үмүт деген айылдан №3-шаардык балдар ооруканасына балдарды өзүнүн энеси алып келген.
Маалыматка ылайык, балдар буга чейин да сабалган. Учурда балдардын атасы жана энеси суракка алынып, балдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды. Балдардын абалы анча оор болбогондуктан, аларга амбулатордук түрдө медициналык жардам көрсөтүлүп, алар энеси менен үйүнө чыгарылышты.