Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубу жолдоштук беттеште түркиялык "Самсунспор" клубуна 3:0 эсебинде утулду

Футбол боюнча өлкө чемпиону Оштун "Алай" футболдук клубу Түркияда машыгуу сборун өткөрүп жатат. Машыгуу сбору команданын Азия футбол конфедерациясынын Кубогуна даярдыгынын алкагында өтүүдө.

Команда 10-январда Түркиянын Биринчи Лигасында ойногон "Самсунспор" клубу менен машыгуу сборун өткөрдү. Команданын мыкты футболчуларынын бири, ТОП-Лиганын акыркы сезондогу бомбардири Алиа Силла документтерге байланышкан маселелерден улам Түркияга барган эмес. Ошол себептүү оштук клуб мыкты оюнчусун колдоно алган жок. Беттеш 3:0 эсебинде түркиялыктардын жеңиши менен аяктады.

Оюндан кийин команданын башкы машыктыруучусу Айбек Татанов оюн дээрлик бирдей деңгээлде өткөнүн, атаандаш болгону мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууда мыкты болгонун айтты.

Кошумчалай кетсек, "Алай" Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тандоо турунда ливандык “Триполи” клубу менен беттешет. Беттеш 9-февралда Ливанда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
behappy74
2016-01-11 19:02:19
Уйдо баатыр жоодо жок дейт
0
Nurbelek
2016-01-12 02:42:15
behappy74, сен болгонунда уйундо да жоодо да женмексинби?))) Муну топ дейт, менмин деген, дуйнону титиретип турган Бразилия курама командасы, оз уйундо Германияга 1:7 эсеби менен разгром болбоду беле. А так андай ири эсепти дуйно эли куткон эмес эле, дааже тушуно да кирбеген. Демек топ тоголок, илибой кутулбогон нерселер болуп кетет!
+1
behappy74
2016-01-13 06:33:49
Nurbelek, ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2016-01-13 11:05:45
behappy74 - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
0
kandai.janym
2016-01-11 21:10:40
Куттуктайм!
-4
MuslimNur95
2016-01-11 23:01:08
Алдыны жаап атканда арканы ачасынарда азаматтар
-3
daniyar93
2016-01-11 23:20:46
АФКнын кубогуна Командалар кантип чакырылат Эмне учун Алай Мисалы Дордойдо деле жакшы оюнчулар барго
-3
Nurbelek
2016-01-12 02:38:44
daniyar93, олкосундо чемпион болгон клубдар чакырылат мындай эларалык кубокторго. А дордой алайдан 7, 8 очко менен артта калып, 2015 Кр чемпиондугун тарттырып ийдиго!
+1
T.Shaiyrbek
2016-01-12 04:40:34
Nurbelek,Булар футбол эмне тушунбогондор экен коп куйугуп тушундурбо баарибир жетпейт
-1
mamashov-emil
2016-01-12 03:59:56
tip togolok, dalshe iygilik, dostor tursia fifada kanchanchy mesta tursianyn top ligadagy klubtary liga chempiondo jakshi oiun otkorot a bul samsunspor tursianyn birinchi ligasyndagy klub eken elestetsener, bizdin kuchtuu napadaiushiy murzaev tursianyn 4 dvizionunda oinoit oshondo salyshtyrganda samsunspor kuchtuu klub ekenin alaidyn napadaiushiy alia silla barbai kalgan dagy kozubaev barbady okshoit alar barganda nichuagada oinomok dagy jakshi 5-7gol bolboptur a tak alai AFCda kuchtuu klub
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан