Бийик тоолуу шартта жашап жана иштеп жаткан жарандарга төлөнүүчү коэффициенттердин төмөндөшү тургундар арасында нааразылык жаратууда

"Бийик тоолуу аймактарда жана шарты катаал алыскы аймактарда жашап, иштеп жаткан жарандарга мамлекеттик кепилдиктер жана компенсацияларды берүү жөнүндө" мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр Нарын облусунун тургундарынын арасында кызуу талкууга алынды. Аталган облустагы айрым мекемелер тиешелүү жактарга бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизбөө суранычы менен кат жолдоп жатышкандарын өздүк булактар билдиришти.

"Биздин райондун мектеп кызматкерлери чогулуштарды уюштуруп, жетекчилерге коэффициентти төмөндөтпөө суранычы менен кат жөнөтүшүүдө. Ал эми медицина жана башка бюджеттик жумушчулар тууралуу маалыматым жок. Билишимче, эмгек жамааттарынын көбү сураныч каттарын жолдошууда. Азырынча бюджеттик жумушчулар арасында нааразылыктар жаралганы менен, башка чара көрүү сөзү боло элек. Бул өзгөртүү күчүнө кире турган болсо, чара көрүүгө деле даярбыз. Маяналарыбызды көтөргөнү менен, кайра минтип компенсацияны жокко чыгарып же төмөндөтүп жатышпайбы. Анда эмгек акыны көтөрүүнүн эмне кереги бар?"- дейт өздүк булак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
NARYNGRAD
2016-01-21 18:54:04
Аталган женилдиктерди ала турган болсо анда Нарын облусунун эли жөн койбойт, азыр эле коомдук-саясий абал курч бойдон турууда. Бир нерсени кылаарда терен ойлонушса жакшы болоор эле, калк көтөрүлүп кетиши мүмкүн.
+3
makemake1979
2016-01-21 19:00:01
Ошону чыгаргандарды озун нарынга жашатып корсо билишет эле 6 ай кыш болгон нарында эшикте иштетип мал бактырса
+4
TAALAIE
2016-01-21 19:07:22
Бийик тоолуу шарты катаал Ат Башы районунда жашап жана иштеп жаткан тургундардын компенсациясыларын алып жатканын себеби азыркы учурда болуп жаткан кризиске байланыштуу өкмөт ушундай чара көрүп жатса керек,чыгымдарды азайтуу максатында.
+2
anar-87
2016-01-21 19:09:47
айлыкты которуп бул жаткан кайра аралаштырып каша эле болотат.Билим беруу министрлигине башы айланган эле башчы келгенби билим беруу системасы аралашкан аягы жок эле болду аягы не болот Ким билет
+2
striker
2016-01-21 21:06:13
Бийик тоолу аймактарда ишкерлер катаал кырдалда иштеп жатышат. Алардын айлык маянасына кошумча толом кошуш керек. Бийликтин "доля" албаганы майыптар эле калды. Бюджетти жеп алышып ар тармактын ырыскысына кол сунушуда.. УЯТ!
+3
Karalina
2016-01-25 17:06:14
Окмот кризистен чыгуу учун депутаттардын айлыктарын азайтышпайбы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан