Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубу 9-февралда Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тандоо турунда ливандык "Триполи" клубу менен беттешет. Жеңип чыккан команда аталган мелдештин тайпалык баскычына чыгат.
Бул оюнга "Алайды" машыктыруучу Айбек Татанов даярдап жатат. Ал бул оюн алдында SUPER.KG порталына төмөнкүчө ой бөлүштү:
"Триполи" командасынын оюндарын көрдүк. Албетте, оюн оңой болбойт. Азыр оюн алдында команданын маанайы өтө жакшы. Атаандаш каршы чабуулда мыкты ойнойт. Ошондой эле алсыз жактары да бар. 1 дагы секундага өзүбүздү таштабашыбыз керек. Оюн кыйын болот, бирок биз кийинки турга чыгып, Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Ош шаарынын тургундарына чоң белек кылгыбыз келет".