"Евровидение-2016" сынагында Украинанын атынан Ошто төрөлгөн Жамала ырдайт. Бул тууралуу кечээ, 22-февралда "Газета.ру" сайты жазып чыкты.
Жамаланын ата-теги крымдык татарлар, ал 1983-жылы 27-августта Ошто төрөлүп, Крымда чоңойгон. Бала кезинен музыка менен алектенип, Украинада, Орусияда жана Европанын дагы башка өлкөлөрүндө ар кандай музыкалык сынактарга катышып келген. 2009-жылы Юрмалада жаштар арасында өткөн "Жаңы толкун" сынагынын жеңүүчүсү болгон. 2011-жылы да "Евровидениенин" тандоо туруна катышып, финалда 3-орунга чыгып, суперфиналдан баш тарткан.
Бул жылы калыстар Жамалага 2-орун ыйгарышканы менен, көрүүчүлөрдүн добушу боюнча 1-орунга чыккан. Жыйынтыгында көрүүчүлөрдүн пикири жеңип чыгып, Украинанын атынан Жамала ырдамай болду. Жамала Стокгольмдо ырдай турган ырын былтыр жазган. Ыр 1944-жылы депортацияланган крымдык татарлар тууралуу.
Аталган сынакка былтыр Украина өлкөдөгү саясий абалдан улам катыша албай калган. Ал эми Орусиянын атынан Сергей Лазарев бармай болду.