Буга чейин футболчу Лионель Мессинин аты жазылган баштыкты кийип сүрөткө түшкөн ооганстандык бала тууралуу тема дүйнөнү дүңгүрөткөн. Дүйнөнүн мыкты футболчусу Месси Муртаза Ахмади аттуу бул балага көңүл буруп, кубантууну убада кылган.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, футболчу сөзүнө турду. Муртаза Ахмади анын формасын белекке алды жана Ооганстан курама командасынын машыгуусуна катышты.