"Москвада 4 жаштагы кызды өлтүргөн" деп кармалган өзбек улутундагы аял күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу "Интерфакс" жазып чыкты. Аталган басылмага укук коргоо органдарындагы өздүк булагы өзбек жараны Гүлчехра Бобокулова 4 жаштагы кызды өлтүрүп, үйдү өрттөгөнүн моюнуна алганын айткан.
Маалыматка ылайык, Гүлчехра Бобокулова кызды кантип жана кайсы жерден өлтүргөнүн айтып гана бербестен, көрсөтүп да бермей болгон.
4 жашар Анастасиянын апасынын айтымында, кызы дарыгерлердин шалаакылыгынан улам түйүлдүктө 14 саат дем ала албай, борбордук нерв системи жабыркаган. Анастасия Кытайда дарыланып, ата-энеси Германияда жасала турган операцияга каражат чогултуп жатышканын орусиялык "Сегодня" басылмасы жазып чыккан.
"Менин кызым чыныгы баатыр, анын ар бир дем алганы - ал үчүн оору менен алышуу. Мен өзүм Настенькадан күрөшүүнү, эч нерсеге карабастан, өзүмдү таштабай жашаганды үйрөнүп келем. Бул аралыкта арам ойлуулардан кайрымдуу жана боорукер адамдар көп экенине ынандым. Мен аларды өмүр бою унутпайм",- деп жазган 3,5 жыл мурун Анастасиянын апасы. Тилекке каршы, кызы кечээ, 29-февралда мыкаачылык менен өлтүрүлдү.
Гүлчехра Бобокулова бул үй-бүлөдө 3 жылдан бери иштеп, жакында эле мекенине барып келген. Ал жактан алып келген бычак менен кичинекей кызды өлтүрүп, башын баштыкка салып, кара кийим кийип метрого бет алган. Метронун жанынан шектенүүнү жараткан аялды көргөн полиция кызматкерлери аны токтотуу аракетин көрүшкөндө, ал баштыктагы кыздын башын алып чыгып, "Аллаху Акбар!" деп кыйкырып, тизелеп сыйынып, кайра туруп белиндеги жардыруучу зат тууралуу айтып коркуткан. Окуя болжол менен жарым саатка уланып, көргөн ондогон адам телефондорго тартканга жетишишкен. Күч түзүмдөрүнүн кызматкеринин бири Бобокулованы басып жыккан. Андан соң аны кармоочу жайга алып кетишкен.