"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде Өзбекстандын күч түзүмдөрүнүн тактикалык окутуулары өтүп жатат

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын коомчулук жана массалык маалымат каражаттар бөлүмү Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак, Кайтпас, Газпром жана Баткен облусуна караштуу Кара-Бак айылдарына жакын жайгашкан өзбекстандык аймактарда Өзбекстандын күч түзүмдөрүнүн тактикалык окутуулары өтүп жатканын SUPER.KG порталына кабарлады.

Окутуулар үстүбүздөгү жылдын 26-февралында башталган. Кыргыз-өзбек чек арасында боло турган аскер бөлүктөрүнүн окутуулары тууралуу Кыргыз Республикасы алдын ала кабарланган. Тактикалык окутуулар учурунда өзбек учактары Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин бузбаганын Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Коомчулук жана массалык маалымат каражаттар бөлүмү билдирди.

Эске салсак, бүгүн Кадамжай районунун тургундары SUPER.KG порталына Өзбекстандын учактары Кыргыз Республикасынын аймагында учуп жатышканын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
sagyn01
2016-03-02 15:25:01
Силерда ошентип машыгып кире аласынарбы? ))
+13
beben
2016-03-02 15:53:17
Сагын01. Машыкканга техника барбы десен?
+9
arman00
2016-03-02 16:26:18
биз жак аларга тренеровка кылчу жайбы не
+5
ulanbek10
2016-03-02 16:34:21
Машыгып кирбесе мейли кирбей эле койсун, эми ушунчалык кириптир бир жооп кайтара алабы десең Сагынаке
+5
Nurik.180212
2016-03-02 16:39:00
ХХХ козу менен коруп камерага тартканго айылдын ичиден отконун. не жалган маалымат бересинер. мандат талашпай караса болмок 120 ХХХ
+6
admin_portal
2016-03-02 16:44:47
Nurik.180212 - эскертүү!
Этика нормаларын сактаңыз.
-3
taoni
2016-03-12 01:18:45
Nurik.180212,туура келип эле мандат талашып соттошуп журо бергиле!!! Каримов киргизет беле????
0
Marles_44
2016-03-02 16:46:56
Тоготпогону окшойт чамасы
+3
KyrgyzKagan
2016-03-02 17:05:50
Кирмек турсун бомба таштап отуп кетседа биздин аба мейкиндигин бузган жок деп олтура беришет чондор.
+2
josholu
2016-03-02 17:12:20
Биздикилер азырынча унчукпайт.Кыргызстан деле оюнчук мамлекет эмес .ким жинине тийсе кыйла эле тайсалдатат.Каримовдон калкы коркот. башка эчким коркпойт антип озунордун духунарды тушурбогуло!
+1
potriot.kg
2016-03-02 18:18:35
Бизде техника жок. Чычкандагы ортту казактардын тик учагын сурап келип очургон. Ашып барса 70жылдардагы 3 же 4 военный тик учак барда аны кайсы аймакты кооруганы жибермек еле. Ушул жеп жутарлар качан мамлекеттин коопсуздугун ойлойт екен курсагын ойлой бербей. Чек араны айта берип елда чарчады..
+1
BARSBEK.KG
2016-03-02 19:57:00
Чек араны улам жылдырып тарттырмай болдук бут жерди.. биздин депутаттар качан элди ойлошот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан