Технология өнүккөн замандагы азыркы жашообузду уюлдук телефон, интернетсиз элестетүү кыйын. Бирок мындай заманбап мүмкүнчүлүктү кенен пайдаланып, анын пайдасын дурустап көрө элек, заманбап цивилизациядан артта калган айылдар дагы эле бар. Мындай көйгөйдү Баткендин алыскы айылдарынын биринин тургуну көтөрүп чыгып, образдуу айтканда, "бизди заманбап жашаган элдин катарына кошкула" деген жөнөкөй талап коюуда.
2016-жылдын 22-февралында Баткен облусундагы Кадамжай районунун Кара-Шоро айылынын тургуну, учурда Орусияда жашаган Жыргалбек Шерматов айылдаштары уюлдук телефондон сүйлөшүү үчүн 2,5 саат жол жүрүп кыйналып жатканын кабарлаган эле. Окурман уюлдук операторлордун айылына көңүл бурушун өтүнгөн.
Окурмандын талабы, каалоосу ишке ашканы турат. Маалымат "Элдик кабарга" чыккандан кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү реакция жасашты. Айыл өкмөттүн башкы адиси Азиз Эгембердиев SUPER.KG порталына: "Биздин айыл өкмөткө караштуу 10 айылдын ичинен жалгыз Кара-Шородо уюлдук байланыш жок. Айылда болгону 30га жакын түтүн жашайт. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Операторлордун биринин өкүлдөрү Кара-Шорого келип, абалды көрүп кетишти. Айылда кар эрисе, байланыш жабдуулары орнотулат”,- деп комментарий берди.
Жаз келди, бийик тоолуу айылдарда деле кардын эриши көп күттүрбөйт. Айыл өкмөтү убадалаган байланыш жабдыгы качан коюларын көзөмөлдөп турабыз.
Технология өнүккөн 21-кылымда уюлдук аппараттын антеннасы чыкпаган айылдар өлкөбүздө бир топ. Алдынкы өлкөлөр учуучу автоунааларды чыгара баштаган заманда кыргыз айылдарынын жөнөкөй телефон байланышысыз калып жатышы кейиштүү көрүнүш. Баскан-турганыбыз технологияга байланып калган учурда Орусия баштаган чет өлкөлөрдө жүргөн уул-кыздары айылдагы ата-энесинин абалын сурап, сагынычын тарата албай турган шарттагы аймактын мисалы... Ал үчүн карыган ата-энеси жөө 2 саат жол жүрүп тоого чыгышы керек болууда. Жалпылап айтканда, чакан айылдын эли маалымат алмашуу процессинен жашынган бойдон калууда.
Ушуга жооп издеп, айылын байланыш менен камсыздоону өтүнүп кабар жөнөткөн окурманды SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши февраль айынын жеңүүчүсү деп тапты. Кабардын автору заманбап смартфонду утту.
Жыргалбек мырза жеңүүчү болгонун биз менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө угуп, ыраазычылыгын айтты:
- Жиберген кабарыңыз сизди февраль айынын жеңүүчүсү кылды, куттуктайбыз!
- Чоң рахмат.
- Орусияда жашап, иштесеңиз, айылда үйдөгүлөр менен телефон аркылуу байланышуу азап турбайбы?
- Ооба, 4 айдан бери байланыша албай кыйналып жатам. Бул жерде айылдаштарым да бар, айрымдары 5-6 жылдан бери сыртта жүрүшөт. Баарыбыз айылга чалганыбыз менен, сүйлөшө албай калабыз. Үйдөгүлөр өздөрү байланыш бар жерге чыгышып бизге чалышат. Кээде сүйлөшүү абдан зарыл болуп калат, бирок сүйлөшө албаган бойдон калабыз. Орусияга 2013-жылдан бери келип-кетип иштейм, мезгилдүү жумуш. Жыл сайын 7 ай иштеп кетем. Бул жолку келгениме 4 ай болду.
- Айылдагылар менен байланыш көйгөйү бизге кабар жиберүүгө аргасыз кылдыбы?
- Дал ушул көйгөй "Элдик кабарга" маалымдоого түрткү болду. Порталга чыккан кабарларды окуп отуруп мен да жиберүүнү туура көрдүм. Техника өнүккөн заманда жашаганыбыз менен, биздин айылда телефон байланышы жоктугунан уялам. Мурун светибиз жок, караңгыда отурчубуз. Айылыбызга электр энергиясынын келгенине 3-4 эле жыл болду.
- Бул маселени айыл эли буга чейин көтөрдү беле?
- Көтөрүшкөн, бирок аягына чыккан эмес. Эл шайлаган депутаттар элдин маселелерин көтөрүп, чечип бериши керек да. Шайлоо алдында эле айылга барышып "баарын чечип берем, бүтүрүп берем" деп кетишет, иш жүзүндө эч нерсе жок. Эми жогору жактагылар бул кабарды окушса, айылыбызга уюлдук байланыш коюлат деген үмүтүм чоң. Байыланыш түзүп беришсе абдан жакшы болмок. Биздин үнүбүздү жогорку жактагыларга жеткирүүчү сиздерге чоң рахмат!
Жеңүүчү уткан смартфонду анын Бишкекте жашаган иниси Шерзатбек Сабыров кеңсебизге келип алып кетти.
Эсиңизде болсо, былтыр жазында SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманды редакция ай сайын аныктап, жеңүүчүгө заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Мезгилдин өтүшү менен окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: таза суунун жоктугунан айрым айылдын тургундарынын арыктан суу ичип жатышы, катуу ылдамдыкта унаа айдагандардын айынан кырсыктардын болушу, мыйзамсыздык, мамлекеттик ишкананын чатырында айрылган мамлекеттик желектин турушу, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүү үстүндө.