Балдар - биздин келечегибиз. Биз аларга кандай мамиле кылсак, алар чоңойгондо бизге ошондой мамиле жасашат. Ошондуктан аларга ар дайым туура тарбия берүү, кам көрүү, жардам берүү жана колдоо көрсөтүү керек.
Акыркы жылдары гезит, теле же интернет айдыңында жарыяланган өлкөбүздүн аймагында жаш балдарга карата зомбулук көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалыматтарды окуганда келечек үчүн коркуп, чочулайсың. Жүрөк үшүн алган мындай кабарлардын катарында "Эки наристесин бейтааныш адамга таштап, энеси Орусияга кетип калды", "Энеси балдарын бычактап салды", "2 жашар баланы анын атасынын жакын тууганы катуу сабап, ур-токмокко алды" деген өңдүү окуяларды камтыган макалалар бар. Балага орой мамиле, зордук-зомбулук өзүнүн ата-энеси тарабынан көрсөтүлсө, анда бейтааныш адамдан эмнени гана күтсө болбойт...
Баткен облусунун тургуну Асылбек Мадалиевдин "Баткенде айдоочу жаш балдарды жүк ташуучу унаага салып алып тойго барууда" деген кабары SUPER.KG порталынын колдонуучуларынын арасында кайчы пикирлерди жаратты. Айрымдары "жол эрежелерин сактоого үгүттөш керек" деп Асылбекти колдошсо, башкалары "айдоочуну сатып салды", "эмне болуптур, биз кичинекей кезибизден эле ушинтип чогулуп тойлорго барабыз..." деп катуу сынга алышты.
Жаш балдардын жүк ташуучу унаа менен тойго баратканына башкалар кол шилтесе, Асылбек буга өзгөчө көңүл бурган. Мындай кабарды жөнөтүүгө эмне түрткү болгонун биз өзүнөн сурадык.
- Саламатсызбы, Асылбек мырза! Сиз бул кабарыңыз менен ноябрь айынын жеңүүчүсү болдуңуз. Куттуктайбыз!
- Чоң рахмат!
- Кабарыңыз SUPER.KG порталында чоң талкуу жаратты. Жол-кайгуул кызматы сиз көтөргөн маселеге көңүл буруп, кыска убакыт ичинде жооп берген. Негизи, кабарды кандай ой менен жөнөткөн элеңиз?
- Буга чейин көп өлкөдө болгом: Европа мамлекеттеринде, Кытайда, Орусияда. Ошол окуя болгон күнү жумуш менен Баткен шаарына баргам. Көп баланы жүк ташуучу унаага салганын көрүп, бир чети таң калсам, бир чети кабатырландым, алардын коопсуздугун ойлодум. Биз өнүгүп жаткан, жакшынакай өлкөдө жашайбыз да. Биринчи жолу мындайды көргөнүм үчүн мага кызык болду. Келсем, балдар менен бир эже жүргөн экен. “Балдарды жүк ташуучу унаа менен кайда алып бара жатасыз?” деп сурасам, ал: “Тойго алып баратабыз. Тойдун ээси ушул унааны жөнөттү. Башка унааны жиберген жок. Эч нерсе болбойт. Эмне болуптур?”- деген.
- Айрым интернет колдонуучулар сизди сындаган комментарийлерди жазышты. Бул сизге кандай таасир этти?
- Кабарды жибергенден кийин жүк ташуучу унаанын айдоочусуна айып пул салынарын окуп, “Эмнеге жибердим?” деген ой келген. Анан комментарийлерди окуганда “жибербей эле койсом болмок” деп ойлоп калдым. Бул мага катуу тийди. Мага карата “айдоочуну сатып койду окшойт” деген пикирлер айтылды. Мен, чындыгында, Баткенде жумуш менен эле болгом. Өзүм Кадамжайда жашайм. Ошондуктан айдоочуну мен тааныбайм.
Мурда оор мезгилде жүк ташуучу унаа менен адамдарды ташыган күндөр болгон. Бүгүн деле бул адаттагыдай көрүнүш, бирок кичинекей балдар башка да. Кудай сактасын, кырсык болуп кетсе, балдар эмне болушат?
- Сизди сындагандарга эмне деп кайрылат элеңиз?
- Башка өлкөлөргө чыккыла, жол эрежелерин сактаганды үйрөнгүлө, китепти көп окугула деп кеңеш берет элем. Мисалы, Орусияда жаш баланы атайын орундугу жок, жөн эле алып жүргөндүгү үчүн айдоочуга 3 миң рубль айып пул салынат. Орусияда жаш балдар үчүн сөзсүз атайын орундук болуш керек. Бизде болсо мындай талап жок. Бул өтө жаман көрүнүш, анткени унаада баланын коопсуздугу сакталбай калат.
Мен SUPER.KG порталындагы ЭЛДИК КАБАРларды окуп, өзүм да көп жөнөтүп турам. Мыйзамды сактоого өтө пайдалуу долбоор. Редакциянын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем!
(Белек ээси Асылбек Мадалиев Баткен облусунда болгондуктан, заманбап смартфонду анын Бишкектеги тууганы Эмирбек Айжигитов кеңсебизге келип алып кетти)
Эсиңизде болсо, быйылкы жазда SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманды редакция ай сайын аныктап, жеңүүчүгө заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Мезгилдин өтүшү менен окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: таза суунун жоктугунан айрым айылдын тургундарынын арыктан суу ичип жатышы, катуу ылдамдыкта унаа айдагандардын айынан кырсыктардын болушу, мыйзамсыздык, мамлекеттик ишкананын чатырында айрылган мамлекеттик желектин турушу, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүү үстүндө.