4-мартта Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешине мүчө болгон мамлекеттердин спорт министрлеринин жолугушуусу орун алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда макулдашуу протоколуна кол коюлуп, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун 3-8-сентябрь аралыгында өткөрүү бекитилди.
Көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунда уюштурулмакчы. Анда жалпысынан 25 спорт түрү боюнча жолдомолор ойнотулат. Оюндарга катыша турган мамлекеттердин саны 40ты түзмөкчү.