"Эгер мен президент катары мураскор даярдап, "аны шайлагыла" деп кетсем, өлкөбүзгө демократия келбейт, ачык айтайын",- деп бүгүн, 12-мартта Бишкектеги Ботаникалык сейил багында болгон ишембиликте журналисттерге айтты.
"Ар бир чоң партия президенттикке талапкерлерди даярдайт: КСДП, "Ата Мекен", "Республика", "Кыргызстан". Бирок мен өзүмдүн ордума башка бирөөнү даярдап, дайындап кетпешим керек экенин маанилүү деп эсептейм. Эл президентин шайлашы керек, анткени дүйнөдө мамлекетти башкарууга мураскорлор дайындалганда, бул өлкөлөрдө демократия жок экенин көрүп турабыз. Ошондуктан эл өзүнүн өлкө башчысын өзү тандаганы туура. Эл өзүнүн добушу үчүн жооп берүүгө үйрөнүшү керек. Менин милдетим - шайлоону таза өткөрүүнү камсыздоо",- деди Атамбаев.
"Эгер силер акча үчүн депутаттарды шайласаңар, эми бүгүн өзүңөр парламенттин ошол бөлүгү үчүн жооп бересиңер. Депутаттардын көпчүлүгү акыл-эстүү болоруна ишенем. Президентти шайлоо да ушул сыяктуу. Эгер силер добуштарыңарды акчага сатып жиберсеңер, анда ошол президент силерден ошол акчаны он эсе тартып алат. Эгер биз демократиялык мамлекетте жашагыбыз келсе, анда эл өзү шайлашы керек",- деп оюн айтты президент.