Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматов Кыргыз-орус өнүгүү фондунун төрагасы кызматына дайындалды

Нурсулуу Ахметова Кыргыз-орус өнүгүү фондунун төрайымы кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун бүгүн, 14-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, премьер-министрдин башка буйругу менен Кыргыз-орус өнүгүү фондунун төрагасы кызматына Кубанычбек Кулматов дайындалды. Буга чейин К.Кулматов Бишкектин мэри кызматында иштеген. Ал 2016-жылдын 9-февралында кызматтан кетүүгө арыз жазган.

Белгилей кетсек, аталган фонд 2015-жылы түзүлгөн, уставдык капиталы 500 миллион доллар. Бүгүнкү күнгө карата фонддун эсебиндеги акчанын суммасы 350 миллион долларга жетти. Калган 150 миллион доллары 2016-жылдын 29-майына чейин этап-этабы менен берилмекчи. Фонд ЕАЭБге кошулуу шартында кыргыз өлкөсүнүн экономикасын өнүктүрүү максатын көздөйт. Фонд быйыл 100 миллион сомдон ашуун суммада 15 долбоорду каржылай турганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан