Бишкекте саунада бирге эс алып жаткан учурда айыпкерди качырып жиберген күзөтчүлөр камакта калтырылышты

Бишкекте саунада бирге эс алып жаткан учурда айыпкерди качырып жиберген күзөтчүлөр камакта калтырылышты. Бул тууралуу Жогорку Сотун басма сөз кызматы жарыялады.

Буга чейин каракчылык фактысы менен айыпталган 27 жаштагы Азатбек Алымкулов 26-февраль күнү сот залынан алып чыгып кеткен күзөтчүлөрдүн колунан качып кеткени тууралуу маалымат тараган. Иликтөө иштеринин алкагында ал күнү саат 14:30 чамасында 31 жаштагы күзөтчү Б.А. өз кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, Алымкуловду БМВ Х 5 үлгүсүндөгү унаа менен алып кеткени маалым болгон. Ошол эле күнү Б.А. эмгек өргүүсүндөгү М.А. аттуу кызматкер менен биргеликте айыпталуучунун үйүнө барышып, ал жерден келинчеги, кызы менен көрүшкөн соң эс алуучу жайга жол тартышкан. Кийин эс алуу учурунда Алымкулов качып кеткен.

Айыпкерди коштоп чыккан күзөтчүлөргө карата “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, алар камакка алынышкан. Чүй облустук соту бул ишти карап, күзөтчүлөрдү камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
dasta
2016-03-15 08:38:26
Бул жерде маселе башкачаго а роди
+1
Rifle_3
2016-03-15 09:43:19
Окусаң ушунчалык шалаакылык болгону түшүнүктүү . Бирок чынында башкача болгон болуш керек.
+1
KANAT85
2016-03-15 10:58:44
Шумдугуң кургур
0
Mercedes202
2016-03-15 11:34:50
Байкуш кузотчулор акчага алданып 1 кундук жыргал учун эмне гана болушту, камакта калышы керек да
+1
Arlenchik
2016-03-15 13:33:01
Туура кылышат жазасын бергиле,мындай жоопкерчиликсиздерди.
+5
aibi8984
2016-03-15 17:17:26
мен эч эле тушунбой койдум, айыпкер мен саунага барганын!
+2
AlbertEnshtein
2016-03-16 06:07:17
aibi8984, тили бир да алардын
0
sabyr86
2016-03-15 17:44:54
Камалсын эң туура.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан