Президент Алмазбек Атамбаев 15-мартта башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Мамлекет башчыга укук коргоо түзүмдөрү тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын азыркы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.
Президенттик аппараттан билдиришкендей, Жолдубаева өлкөдө ишкерлердин укуктарын коргоо жаатында көрүлүп жаткан аракеттер, коррупция менен күрөшүүгө багытталган негизги иштер тууралуу да айтып берди.
Алмазбек Атамбаев мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоо жана мамлекет алдындагы милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн мыйзамдардын сакталышы маанилүү экенин белгиледи.