Каржы министрлиги: Орточо айлык учурда 13 190 сом

Республикада 2016-жылдын январына карата орточо айлыктын суммасы 13 190 сомду түздү. Каржы министрлигинен 15-мартта билдиргендей, аталган сумма 2016-жылдын январына салыштырмалуу 10,8 пайызга көп. Ал эми мамлекеттеги жумушсуздардын саны 3 пайызга азайганы айтылат маалыматта. Мисалы, быйылкы жылдын февралында расмий катталган жумушсуздардын саны 57,4 миңди түзгөн.

"Тышкы соода жүгүртүү 2016-жылдын январында 316,4 миллион долларды түзүп, 2015-жылдын январына салыштырмалуу 26,9 пайызга азайды. Мунун ичинде экспорт 88 миллион долларды, импорт 228,4 миллион долларды түздү",- деп билдирди министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан