Республикада автоунааларга жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурларды берүү процесси баштала элек. Маалыматты 16-мартта SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Учурда жаңы номурларды берип баштоого даярдануу иштери жүрүүдө.
"Жакында тийиштүү компания менен келишим түзүлгөн. Номурлар жакын арада бериле башташы керек. Кайсы мезгилден баштап берилерин так айта албайбыз",- деп билдиришти мекемеден.
Өкмөттүн тийиштүү буйругуна ылайык, мындан ары бардык мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын автоунааларына бирдей көрүнүштөгү номурлар берилет. Жеке менчик автоунааларга берилген номурларга катталган аймагын көрсөтүп туруучу коддор жазылат. Мисалы, Бишкек шаарына катталган унаанын номуруна 01, Ош шаарында катталган унаалардын номуруна 02, Баткен облусу боюнча 03 деген код берилет.
Белгилей кетсек, эски үлгүдөгү номурларды алмаштыруу шарт эмес. Ээси автоунааны сатканда гана эскиси чечилип, ордуна жаңы номурлар тагылмакчы.