Ош. Алмазбек Атамбаев "силер көп нерсе билбейсиңер, жакында баарын көрсөтөбүз" деп айтты

"Ак үйдө эс алуучу бөлмө бар. Анда эки сүрөт бар: бири Чуңкурчак, экинчиси Сулайман-Тоо. Эс алганда экөөнү карайм",- деди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош шаарында суу кампанын ачылышында.

"Тоонун тегерегинде жайгашкан шаар - биздин сыймык",- деген президент буларды айтты: "Кээ бир адамдар кан төгүлгөн сайын акча табышат. Аларга келечек, ынтымактын кереги жок, байлык гана керек. Эмдиги жылы президенттиктен кеткенден кийин айылымда калам. Кудайга шүгүр, Кудай бизге жардам берип жатат.
Апрель айындагы окуяны туура бербей жатабыз. Ал окуя Аксыдан башталган. Силер көп нерсе билбейсиңер, жакында баарын көрсөтөбүз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан