Депутат: "Эмне үчүн Жогорку Кеңеш Москвадагы метродо аялды куткарган мекендешибизге сыйлык тапшырган жок?"

Жогорку Кеңештин 17-марттагы жалпы жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков эрдик кылган кыргыз жарандарын парламент тарабынан сыйлоо керектигин айтты.

"Эмне үчүн Жогорку Кеңеш Москвадагы метродо аялды куткарган мекендешибизге сыйлык тапшырган жок? Ага грамота тапшырып, эрдигин даңазалап койсок жакшы болмок. Мындан тышкары жакында сууга чөгүп кеткен баланы куткарган жигиттерибиз бар. Аларды бул жакка чакырып, куттуктап койсок жакшы болор эле. Жаш балдар үчүн мыкты үлгү болмок",- деп сунуштады депутат.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин 17-февралдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев "Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык катты мекендешибиз Марат Исаевге тапшырсак жакшы болмок" деп демилгелеген. Төрага Асылбек Жээнбеков М.Исаевди сыйлоо боюнча маселе каралып жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан