Алмазбек Атамбаев: "Аксы окуясы элдин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол ачкан"

"Аксы окуясы элдин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол ачкан",- деп айтты президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта Боспиек айылында 2002-жылы болгон Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү иш-чарасында.

"Аксы окуясы Кыргыз Республикасынын тарыхына, көптөгөн адамдардын, анын ичинде менин да тагдырыма терең из салды. Аксылыктардын эрдиги ошол кездеги оппозицияга дем берип, намысын ойготкон, үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы жалтанбай күрөшүүгө баарыбызга күч берген. 11 жыл мурда, 2005-жылдын 24-мартында элибиз канын сүлүктөй соруп, сөөгүн курттай кемирген Акаевдин үй-бүлөлүк бийлигин кулатты. Тилекке каршы, элдин кубанычы узакка созулбады, Акаевдин үй-бүлөсүнүн ордуна элдин жеңишин уурдап, ач көздүгү, канкорлугу менен аша чапкан Бакиевдердин үй-бүлөсү келди. Бирок 2010-жылдын 7-апрелинде чыдамы түгөнгөн элибиз экинчи үй-бүлөлүк бийликти да кулатты. Бул канкор, ач көз үй-бүлө дагы элибизди сындыра алган жок",- дейт президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан