Жогорку Кеңештин 17-марттагы жалпы жыйынында депутаттын уюлдук телефонунан чыккан музыка башкаларды алаксытты. Оюндан чыккан үн 1 мүнөткө созулуп, палатанын акыркы катарында угулуп турду. Музыка жакын отурган депутаттарды, журналисттерди жана Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында чакырылган студенттер менен конокторду алаксытып жатты. Башка депутаттар телефондон чыккан музыкага көңүл бурбай, түшүнүү менен кабыл алышты.
Айта кетсек, буга чейин төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарды жыйынга телефондорду таштап кирүүгө чакырган. 2016-жылдын 11-февралдагы жыйынында ал иш учурунда телефон менен сүйлөшүп жаткан депутаттарды сынга алган. "Жыйында өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер айтылып жатканда, 3 депутат телефон менен сүйлөшүп жатты. Ачык айтканда, бул сыйлабагандык. Бир эске тутуп койсоңор. Эгер маанилүү болсо, сыртка чыгып сүйлөшкүлө. Эмне кыйналасыңар? Жыйынга ар бирибиз телефондорубузду таштап киришибиз керек",- деп эскерткен төрага.
Белгилей кетчү жагдай, Жогорку Кеңештин имаратына конокторго уюлдук телефондорду алып кирүүгө тыюу салынган. Кире беришинде бардык телефондор күзөт кызматы тарабынан алынып, сакталып турат.