Сингапур шаары 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча "жашоо үчүн эң кымбат шаар" макамын үчүнчү ирет алды. Мындай жыйынтыкты британиялык "The Economist" басылмасы чыгарган. Рейтингге жалпы 133 шаар кирген. Экинчи орунда Цюрих (Швейцария), үчүнчү орунда Гонконг шаары турат. Алдынкы бештикте Женева, Париж шаарлары да бар.
Москва шаары мурда жашоо үчүн кымбат 100 шаардын катарына кирген болсо, бул ирет рубль курсунун төмөндөшүнөн улам 113-орунга түшкөн.