Казакстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 3 саясий партия 7 пайыздык босогодон өтүп, жеңишке жетти. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, "Нур Отан" партиясы добуштардын басымдуу бөлүгүн топтоп, биринчи орунда турат. Казакстандын коммунисттик эл партиясы жана "Ак жол" партиясы 7 пайыздык босогодон араң өткөнү байкалууда. Ал эми калган 3 партия бул парламентке өтүүгө керектүү көлөмдөгү добуштарды топтой алган жок.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы төмөнкүдөй:
"Нур Отан" партиясы - 82 пайыз;
"Ак жол" демократиялык партиясы - 7,22 пайыз;
Коммунисттик эл партиясы - 7,17 пайыз;
"Ауыл" Элдик-демократиялык патриоттук партиясы - 2,05 пайыз;
Социал-демократиялык жалпы улуттук партия - 1,21 пайыз;
"Бирлик" партиясы - 0,35 пайыз.
"Шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 9 миллион 791 165 адам кирген. Шайлоого 7 миллион 500 миңге жакын жаран катышты",- деп жазышат басылмалар.