Диний адис Кадыр Маликовго кол салууга шектүүлөрдүн бири Тилек Алибек уулу Түркиядан Бишкекке алынып келинди. Маалыматты бүгүн, 21-мартта ИИМдин басма сөз кызматынан тастыкташты. Түркиядан кармалган экинчи шектүү жаранды да кайтарып алуу маселеси каралып жатканы айтылды.
Шектүүнү кыргыз жерине ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери алып келишип, учурда тергөө жүрүп жатканы маалымдалды.
Учурда шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында. Министрлик аталган жаранды экстрадициялоого көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигине, Түркиянын полициясы менен Миграциялык кызмат боюнча департаментине ыраазычылык билдирди.