Эл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаев Дубайдан кармалды. ИИМдин билдиришинче, ал Интерпол жана Бириккен Араб Эмираттарынын укук коргоо органдарынын биргелешкен аракети менен колго түшүрүлдү. Кыргыз мамлекетинин биринчи президенти Аскар Акаевдин мурунку күйөө баласы А.Тойгонбаев бир катар кылмыштар боюнча айыпталууда.
Эскерте кетсек, Адил Тойгонбаев 2014-жылдын 9-февралында Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып, 11-февралда бошотулган. 15-февралда ал экинчи жолу кармалып, 17-февралда чыгарылган.
Адил Тойгонбаев Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлөнүүдө: алдын ала макулдашуулар боюнча адамдардын тобу тарабынан алдамчылык, салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн баш тартуу, уурулук. 2005-жылдын август айында КРнын Башкы прокуратурасы Адил Тойгонбаевди камакка алууга буйрук чыгарып, бирок ал кыргыз мамлекетинен качып кетүүгө үлгүргөн.