Оппозициянын өлкөдө төңкөрүштү даярдоо планы жазылган аудиожазуу чындык экени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган аудиожазуу буга чейин козголгон №082-16-0054 кылмыш ишинин алкагында табылып, сот тарабынан мыйзам түрүндө алынып, УКМКда сакталып жаткан аудиожазуулар менен тастыкталат.
Тергөө амалдары уланууда.
Айта кетсек, кечээ, 22-мартта интернетте "оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делинген аудиожазуу тараган. Материалда Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев, Равшан Жээнбеков, Мамбетжунус Абылов делген адамдардын сүйлөшүүсү жазылган. Андагы сүйлөшүүгө катышкан адамдар "революцияга эл бышып жетилди, биригели" деген сөздөрдү айтышат.