Мелис Турганбаев "өзүңдү корго" деп Кадыр Маликовго тапанча берип, милициянын алсыз экенин айгинеледиби?

Ички иштер министри Мелис Турганбаев диний адис Кадыр Маликов менен экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнү талкуулады. Өлкөдөгү диний кырдаал, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу жолдору, Маликовго кол салууга шектүүлөрдүн бири Түркиядан кыргыз жерине алынып келингени тууралуу сүйлөшүштү. Муну 23-мартта ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, Кадыр Маликов 2015-жылы 26-ноябрда белгисиз адам менен чырдаша кетип, бычактан жаракат алган.

Турганбаев эксперт Кадыр Маликовго коргонуу үчүн травматикалык тапанча белек кылды. Министрдин бул кадамын "милициянын алсыздыгын моюнга алуу, жарандарды өзүңөрдү өзүңөр коргогула деген белги" деп түшүнүүгө болот. Өлкөдө эми терроризмди жектеген ар бир жаран жанына курал көтөрүп жүрүшү керекпи? ИИМ республикадагы бардык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүүгө милдеттүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
radyakiz
2016-03-24 10:38:26
Канча турат травматикалык пистолеттер,каалаган эле сатып ала берсе болобу?
0
Beknurjorobaev
2016-03-24 10:45:00
radyakiz,Арзан эле Б/У 3-4 минге аласын
+2
admin_portal
2016-03-24 12:37:47
Sagidko88, aash,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-3
Va.vasm
2016-03-24 14:23:34
Ким кол салды бул кишиге? Бироонун аброюна шек келтирди беле? Жооп жазып койгулачы билгендер болсо.
0
azamat.95
2016-03-24 15:44:40
Va.vasm, террористер мусулман эмес деген...
0
al-abu-kinesz
2016-03-24 15:38:43
Эми милиция куну туну кайтармак беле? Ойлонбойсунарбы озунор деле? Итак проблемалар коп болуп атса каякка жетишишмек эле? Туура эле кылышыптыр! Милициянын негизги милдети Маликовду коргоо эмес, ИГИЛчилерди жок кылуу! Ошончолук эле Маликовдун омуру кымбат болсо убактылуу казыяттан айлык толотуп жан сакчы жалдатып турушса болот!
+1
Jaloshtalnarisbatchui
2016-03-24 15:52:01
Террорист муслуман эмес... муслуман террорист эмес ....
+4
admin_portal
2016-03-25 09:46:47
azabek87, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан