КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ. 24-МАРТ. Аксыда абал туруктуу. Депутат кыргыз чек арачыларына материалдык жардам көрсөттү

16:33. Аксы районунда абал тынч, туруктуу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү активист Шекербек Камчыбек уулу билдирди.

Анын айтымында, бүгүн кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу аймакка Жогорку Кеңештин депутаты Нургазы Нышанов келип, кыргыз аскерлери менен жолугушту. "Депутат чек арачыларыбызга колдоо катары материалдык жардам көрсөттү",- дейт активист.

Мындан тышкары ал чек арада сүрөт тартууга тыюу салынганын баса белгиледи.

13:49. "Премьер-министр Темир Сариев - өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана кол тийбестигин сактоого бардык аракетин көргөн кызмат адамдарынын бири. Бул жаатта өзүнүн милдетин толук жана так аткарып жатат жана Үңкүр-Тоону башка өлкөнүн аймагы деп тааныган бир да документке кол койгон эмес. Ал эми бүгүнкү нааразычылык акциясына чыккандар Темир Сариевди негизсиз айыпташууда. Алар чек ара маселесин жеке кызыкчылыгына пайдалануу менен бул маселени ого бетер күчөтүп, көйгөйдүн тереңдешине шарт түзүп берип жатышат. Муну мекенчилдикке жатпайт деп ойлойбуз. Чек ара жана коопсуздук маселелеринде аткарылып жаткан иштердин баарын эле ачык айтууга болбойт жана өтө этият мамиле кылуу зарыл",- деп билдирди SUPER.KG порталына премьер-министрдин басма сөз катчысы Бакыт Асанов.

12:48: Өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев быйыл Өзбекстандын борбору Ташкентте өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышпай турганын билдирди.

12:18. Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча кыргыз өлкөсү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна алдын ала маалымат берүүгө милдеттүү экенин айтты. "Азырынча кеп-кеңеш алышуу болуп жатат. Айрымдар уюмду сындап жатышат, бирок ЖККУ (ОДКБ) башка өлкө тарабынан агрессия болгон учурда гана кырдаалга кийлигишет",- деди мамлекет башчы.

12:05. "Өзбекстан айласы кеткенден улам азыркыдай кадамга барып жатат. 25 жылдан бери алардын көзүн карап өзүбүзгө караштуу объекттерди кайтарып ала албай жатабыз. Көп жерибизден ажырап калдык. Мындайды токтотуу керек. Мен президент болгондо өлкөбүз эми эч кимдин алдында тизе бүкпөй турганын айткам. Коңшуларыбыз мурда газды өчүрөм, светти өчүрөм деп коркутуп жүрсө, акыркы жылдары андай рычагдан ажырап калды. Аргасы түгөнгөндө мындай туура эмес аракеттерге барууда",- деди президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте журналисттер менен жолугушууда.

11:54. Президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте бүгүн журналисттер менен жолугушууда чек арадагы кырдаалга пикирин билдирди. "Кыргыз мамлекети согуш баштабайт, бирок жообун берүүгө даяр!"- деди президент.

11:47. Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын ортосунда такталбаган 58 чек ара тилкеси бар. Кайсы мамлекетке караштуу экени чечиле элек чек аранын жалпы узундугу 324 чакырымды түзөт. Муну маалымат жыйында өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.

11:40. "Биз өкмөттүн тарашын жана премьердин отставкасын талап кылган жокпуз. Алмазбек Атамбаев тиешелүү кишилерди жоопко тартышы керек. Премьер-министр жердин бүтүндүгү боюнча жоопкерчиликти сезиши керек. Буга чейин айтылган маселелерге көңүл бурбай жүрүп, мына, жыйынтыгын бүгүн көрүп жатабыз",- дейт активист Мавлян Аскарбеков.

Мавлян Аскарбеков

11:34. Жарандык активисттер Ак үйдүн алдында премьер-министр Темир Сариевдин Үңкүр-Тоо боюнча жооп беришин талап кылышууда. "Жер саткан жаман адат таап алышты. Муну токтотуу зарыл. Жер саткандар жоопко тартылышы керек",- дешүүдө.

11:31. Союз маалында кыргыз өлкөсүнүн аймагына Өзбекстан тарабынан курулган объектилер Кыргыз Республикасынын карамагына алынат. Бул боюнча атайын келишимдер бар экенин айтты Курбанбай Искандаров.

11:25. Мындан ары Орто-Токой суу сактагычынан суу Өзбекстанга келишим боюнча гана берилет. Маалыматты өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров маалымат жыйынында билдирди.

10:50. Аксы районундагы Үңкүр-Тоонун тагдырына тынчсызданган активисттер бүгүн Бишкекте Ак үйдүн алдына митингге чыгышат. Алар бийликтен чек ара кырдаалын тезинен чечүүнү, тоону Өзбекстанга өткөрүү аракетин токтотууну талап кылышарын жарыялашты.

Митингге катышуучу айрым активисттер Ак үйдүн алдына келишти

Активисттер плакатка талаптарын жазышууда

Аксыдагы Үңкүр-Тоонун тагдыры коомчулукту тынчсыздандырууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан