Бүгүн, 24-мартта "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландашкан" деп Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилишти. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
"К.Кадыров жана Б.Асанов коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат. Учурда тергөө амалдары уланууда",- деп айтылат маалыматта.
Мекемеден билдиришкендей, учурда К.Кадыров жана Б.Асанов УКМКнын башкы имаратында сурак беришүүдө.
Айта кетсек, 22-мартта интернетте "оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делинген аудиожазуу тараган. Материалда Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев, Равшан Жээнбеков, Мамбетжунус Абылов делген адамдардын сүйлөшүүсү жазылган. Андагы сүйлөшүүгө катышкан адамдар "революцияга эл бышып жетилди, биригели" деген сөздөрдү айтышат. УКМК бул аудиожазууларды текшерип, монтаж эмес экенин жарыялаган.