Беларусь өлкөсүнүн атынан катышып жаткан 21 жаштагы ырчы Ivan (Александр Иванов) "Евровидение-2016" музыкалык сынагына энеден туума жылаңач чыгып, дүйнөдөгү бардык көрүүчүлөрдү таң калтырууга даярданууда. Ошондой эле ал өзү менен кошо сахнага эки карышкырды алып чыгат. Бул тууралуу ырчынын расмий баракчасына жазылган.
Ырчынын продюсери Виктор Дробыштын айтымында, учурда сынактын уюштуруучулары менен сахнага жаныбарларды алып чыгууга уруксат алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Макулдук алуу үчүн болгон аракетин жумшай турганын айткан.
"Ооба, Иван сахнага 2 карышкырдын коштоосунда жылаңач чыгат. Негизи эле ар бир адам өзүн кайсы бир жандыкка окшоштурат. Кээде биз ал окшоштукту басып салабыз, бирок ар бир эле адам өзүндөгү жандык менен бетме-бет жолуга бербейт. Ивандын бул номери аркылуу биз адам менен жаратылыштын ортосундагы тыгыз байланышты берүүнү чечтик",- деп билдирген продюсер.