28-март.
10:32. БШКнын маалыматына таянсак, шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо партиялардын алган добуштарынын алдын ала жыйынтыктары мындай:
Каракол шаары:
"Табылга" – 28,51 пайыз
КСДП – 13,99 пайыз
"Кыргызстан" – 10,25 пайыз
"Республика – Ата Журт" – 8,89 пайыз
"Өнүгүү-Прогресс" – 8,31 пайыз
Балыкчы шаары:
"Замандаш" – 20,87 пайыз
"Кыргызстан" – 13,42 пайыз
"Республика – Ата Журт" – 11,25 пайыз
КСДП – 11,11 пайыз
"Өнүгүү-Прогресс" – 9,46 пайыз
Кемин шаары:
КСДП – 35,74 пайыз
"Республика – Ата Журт" – 17,42 пайыз
"Замандаш" – 10,13 пайыз
"Өнүгүү-Прогресс" – 8,50 пайыз
"Улуу Кыргызстан" – 8,37 пайыз
Токмок шаары:
КСДП - 36,75 пайыз
"Кыргызстан" – 20,03 пайыз
"АК" - 11,79 пайыз
"Республика – Ата Журт" – 10,45 пайыз
Ош шаары:
КСДП – 30,61 пайыз
"Кыргызстан" – 15,73 пайыз
"Мекеним Кыргызстан" – 11,89 пайыз
"Республика – Ата Журт" – 9,74 пайыз
"Бир бол" – 8,52 пайыз
"Өнүгүү-Прогресс" – 8,08 пайыз
Майлуу-Суу шаары:
"Республика – Ата Журт" – 40,21 пайыз
КСДП – 37,98 пайыз
"Өнүгүү-Прогресс" – 9,97 пайыз
"Ата Мекен" – 7,91 пайыз
Шайлоонун расмий жыйынтыгы 2-3 күндүн ичинде жарыяланары айтылды.
27-март.
22:36. Майлуу-Суу шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча "Республика - Ата Журт" партиясы биринчи орунга жайгашты. Андан кийин КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Ата Мекен", "Эмгек" партиялары турат.
22:34. Добуштарды сатып алуу аракеттери катталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. Анын айтымында, учурда аталган фактылар боюнча укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө.
22:30. Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун так жыйынтыктары 2-3 күн ичинде чыгат. Бул тууралуу маалымат жыйынында БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. Анын айтымында, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору келген соң, добуштар эсептелинип так жыйынтык жарыяланат.
22:15. Каракол шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, 5 партия 7 пайыздык босогодон ашты. Алар: "Табылга", КСДП, "Кыргызстан", "Республика — Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" партиялары. Калган партиялар "Улуу Кыргызстан", "Ата Мекен", "Мекен ынтымагы", "Эмгек, "Аалам", "Мурас", "Бир бол", "Партия зелёных Кыргызстан" 7 пайыздык босогодон азырынча аша алышкан жок.
22:10. Жергиликтүү кеңештерди шайлоого шайлоочулардын 56 пайызы катышты. Бул тууралуу маалымат жыйынында БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.
Анын айтымында, шайлоо жакшы, тынч өттү. "Жалпысынан 24 партия катышты. Шайлоочулардын тизмесине 270 773 адам катталган",- деди Абдраимов.
21:40. Кемин шаарынын кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси төмөнкүдөй: КСДП, "Республика — Ата Журт", "Замандаш", "Өнүгүү-Прогресс", "Улуу Кыргызстан", "Кыргызстан", Дыйкандардын саясий партиясы, "Баба-Дыйкан", "Эмгек", "Ата Мекен" жана "Бир бол" партиялары.
21:35. Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, КСДП алдыда турат. Андан кийин "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан", "Республика - Ата Журт", "Бир бол", "Өнүгүү-Прогресс", "Демократ", "Ата Мекен", "Ата Журт", "Эмгек", "Кыргызстандын коммунисттик партиясы", "Күч биримдикте", "Аалам" партиялар жайгашышты.
21:30. Токмок шаардык кеңешине шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча КСДП биринчи орунда турат. Андан кийинки орундарда "Кыргызстан", "Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы", "Республика — Ата Журт", "Бир бол", "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана башка партиялар жайгашышты.
21:20. Алдын ала маалыматтарга караганда, Балыкчы шаарында "Замандаш" партиясы шайлоочулардын 21,04 пайызын топтоп, биринчи орунда турат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, экинчи орунда "Кыргызстан" партиясы (13,53 пайыз) турат, андан кийинки орундарда "Республика - Ата Журт" (11,34 пайыз), КСДП (11,2 пайыз), "Өнүгүү-Прогресс" (9,54 пайыз) жана "Ата Мекен" (7,04 пайыз) партиялары жайгашууда. Калган партиялар 7 пайыздык босогодон аша алышкан жок.
20:39. Сарпашев: "Кайсы партиялар алдыда келе жатканы азырынча белгисиз, анткени шайлоо тилкелери жаңы эле жабылды. Жыйынтыктар боюнча БШК атайын маалымат берет. Мамлекеттик каттоо кызматы өз ишин аяктады",- деп билдирди.
20:35. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо жарандардын добуш берүүгө катышуу көрсөткүчү: Тогуз-Торо районунда 56 пайыз, Майлуу-Суу шаарында 51 пайыз, Аксы районунда 54 пайыз, Балыкчы шаарында 42 пайыз, Каракол шаарында 27 пайыз, Жети-Өгүз районунда 52 пайыз, Ак-Талаа районунда 43 пайызды түзгөнү айтылды.
20:30. "Айрым мүчүлүштүктөрдү эске албаганда, шайлоо негизинен жакшы өттү. Бир да аймакта шайлоо үзгүлтүккө учураган жок. Айрым жарандарыбыз тизмеден өзүн таппай калган учурлар болду. Саат 20:00дө шайлоо пункттарынын эшиктери жабылгандан кийин имараттын ичинде калган жарандар добуш берип бүткөндө алдын ала жыйынтыктардын көрсөткүчүндө өзгөрүүлөр болот",- деди Мамкаттоо кызматынын башчысы.
20:27: "Ош аймагы боюнча 23 шайлоо аймагына барып келдим, шайлоого катышкан партиялардын өкүлдөрү шайлоонун таза өтүп жатканына ишенерин билдиришти",- деди Сарпашев.
20:25. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев саат 20:00гө карата Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 70 651 адам катышканын айтты.
20:00. Өлкө боюнча шайлоо участкалары жабылды. Саналуу мүнөттөрдөн кийин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыялана баштамакчы.
19:30. Шайлоо участкаларынын жабылышына жарым саат калды. Саат 20:00дөн кийин аймактык шайлоо комиссиялары добуштарды саноону башташат.
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевдин айтымында, учурда активдүүлүк байкалууда. "Бардык жабдуулар сапаттуу иштеп жатат. Эгер техникалык бузулуулар байкалса, адистер 10 мүнөт ичинде бул маселелерди чечүүдө",- деди Сарпашев.
16:54. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Айнура Чекиева Орусияда биометриканы тапшырган КРнын жараны Турдайым Жумадилова эмне себептен шайлоого катыша албаганын SUPER.KG порталына түшүндүрдү.
Чекиеванын айтымында, шайлоочулардын тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматы түзүп, шайлоо комиссияларына тапшырат. "Турдайым Жумадилова шайлоочулардын тизмесине киргизилбеген экен. Мамкаттоо кызматына телефон чалып сураганда, ага Москванын тургуну деп жооп беришиптир. Себеби Турдайым 2015-жылкы шайлоодо Форма-2 менен Москвада добуш берген экен. Ошондуктан ал ошол эски тизмеде сакталып калыптыр. Ал бүгүнкү шайлоо алдында алдын ала өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшериши керек болчу. Мындай кырдаал жарандын кайдыгерлигинен пайда болду",- деди шайлоо комиссиясынын катчысы.
16:36. Биометрикалык маалыматын Орусиянын Москва шаарында тапшырган Караколдун тургуну Турдайым Жумадилова шайлоочулардын тизмесине киргизилбегени үчүн шайлоого катыша албай калды. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына кайрылып, паспортунун жана биометрикалык маалыматын тапшырганын тастыктаган расмий кагазды сүрөткө тартып жөнөттү.
Анын айтымында, ал 2015-жылдын март айында Москвада биометрикалык каттоодон өткөн. "Бүгүн Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунда мен шайлоого катыша албай калдым. Мен биометрикалык маалыматымды Москвадан тапшыргам. Бирок өзүм учурда Кашка-Суу кичи районунда жашайм жана каттоодо турам. Мага шайлоочуларды кабыл алгандар "Москвага барып шайла" дешти. Ушундай кантип болсун? Укугумду тебелеп жатышат да. Биометрикалык маалыматты каалаган жерден тапшырса болот да. Мага шайлоо комиссиясы бул үчүн 3D аппарат керек дешти. Ошондой тиешелүү аппараты жок туруп эмнеге шайлоо өткөрүп жатышат?"- деп нааразычылыгын билдирди Жумадилова.
14:56. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катышууда Баткен облусу активдүү болууда. Азыркы учурда аталган облуста добуш берүүгө катышкандар 35,18 пайызды түздү. Калган облустарда мындай: Жалал-Абад облусу - 33,16 пайыз, Нарын облусу - 30,2 пайыз, Чүй облусу 26,91 пайыз, Ысык-Көл облусу - 21,95 пайыз, Ош облусу - 21,52 пайыз, Ош шаары - 29,87 пайыз.
13:35. Республика боюнча жергиликтүү кеңештерди шайлоого эң активдүү катышуу Баткен облусунун Лейлек районунда болууда.
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевдин айтымында, бул район боюнча катталган 7 миң шайлоочудан саат 12:30га карата 2345и добуш берди.
13:09. Ош шаарынын Бабур шайлоо участогунда техникалык адистердин айынан эртең менен шайлоо 55 мүнөткө кеч башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган участокто азыркы тапта техникалык маселе чечилди, шайлоо туруктуу жүрүп жатат. Саат 12:30га карата бул участокто катталган 1374 шайлоочудан 508и добуш берди.
12:40. Ош шаарында саат 11:00гө карата 17 миңден ашуун шайлоочу добуш берди. Ал эми жалпысынан бул шаар боюнча тизмеге 117 миң адам катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Оштогу бардык 73 участогунда шайлоо туруктуу өтүп жатат.
12:28. Ош шаарындагы 5311-шайлоо участогунда свет убактылуу өчүрүлүп, неберелери, балдары менен келген кары-картаңдар айласыздан кетишүүдө. Бул тууралуу маалыматты окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу "Элдик кабарга" жөнөттү.
12:12. Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо азыркы учурда шайлоочулардын 15 пайызы добуш берди. Маалыматты SUPER.KG порталына Кемин шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Жумагүл Абдрахманова кабарлады. Айтымында, шайлоого жарандар активдүү катышууда. Тартип бузуулар каттала элек.
11:40. Айрым аймактарда шайлоого катышып жаткан талапкерлердин саны көп болгондуктан, бюллетендердин узундугу 80 сантиметрге барабар. Бул тууралуу маалымат жыйынында БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. "Мисалы, Чаекте 21 мандатка 112 талапкер ат салышууда",- деди Абдраимов.
11.25. Азыркы тапта орто эсеп менен жалпы республика боюнча шайлоочулардын 10,6 пайызы шайлоого катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.
Анын айтымында, Ош жана Токмок шаарларында активдүүлүк жакшы болууда. Бул шаарларда шайлоочулардын 12 пайызы добуш берди. "Жалпысынан шайлоо жүрүп жаткан аймактарда 270 миңге жакын шайлоочу катталган",- деди Абдраимов.
10:35. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого жарандар активдүү катышууда. Айрым добуш берүү пункттарында кезек күтүүлөр болуп жатканы айтылды.
10:05. Ош шаарынын башчысы Айтамамат Кадырбаев №5327-шайлоо участкасына келип добуш берди.
08:30. Бүгүн, 27-мартта 6 шаардык жана 22 айыл аймагынын кеңештерине депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Шайлоо саат 08:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлмөкчү.
БШКнын билдиришинче, Баткен облусу боюнча айылдык кеңештерге 105, Жалал-Абад облусунда 76, Ош облусунда 49, Ысык-Көл облусунда 35, Чүй облусунда 200, Нарын облусунда 433 талапкер жылдырылууда. Башында шаардык кеңештерге 24 партия катышарын кабарлаган БШК 11-мартта маалыматына толуктоо киргизип, 25 партия катышарын билдирген. Аймактык шайлоо комиссиялары шаардык кеңештерге шайлоого катышууга саясий партияларды каттаган, алар:
Майлуу-Суу шаары
"Эмгек", КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Республика – Ата Журт", "Ата Мекен".
Токмок шаары
"Эмгек", "Эл аман", "Республика – Ата Журт", "Ата Мекен", КСДП, "Замандаш", "Кыргызстан", "Демократ", "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы, "АК", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир бол".
Каракол шаары
"Табылга", КСДП, "Улуу Кыргызстан", "Республика – Ата Журт", "Ата Мекен", "Эмгек", "Кыргызстан", "Мекен ынтымагы", "Бир бол", "Кыргызстан жашылдар партиясы", "Өнүгүү-Прогресс", "Аалам", "Мурас".
Балыкчы шаары
"Замандаш", КСДП, "Кыргызстан", "Республика – Ата Журт", "Аалам", "Өнүгүү-Прогресс", "7-Апрель" жаштар кыймылы, "Ата Мекен", "Кыргызстан элдеринин конгресси", "Мекен ынтымагы", "Улуу Кыргызстан", "Бир бол", "Эмгек", "Кыргызстан коммунисттик партиясы".
Кемин шаары
"Бир бол", "Кыргызстан", "Улуу Кыргызстан", КСДП, "Эмгек", "Өнүгүү-Прогресс", "Баба-Дыйкан" дыйкан-фермерлер партиясы, "Республика – Ата Журт", "Замандаш", "Ата Мекен".
Ош шаары
"Бир бол", "Өнүгүү-Прогресс", "Күч биримдикте", "Демократ", "Республика – Ата Журт", "Кыргызстан", "Ата Мекен", "Ата Журт", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан коммунисттик партиясы", КСДП, "Эмгек", "Аалам".
Мындан тышкары бүгүн Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жалпысынан 22 айыл кеңештерин шайлоо өтүүдө.